Караколдо жаңы жол жарым жылга жетпей бузулган. Прокуратура иш козгоду
RU

Караколдо жаңы жол жарым жылга жетпей бузулган. Прокуратура иш козгоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Караколдо реконструкцияланган жол жарым жылга жетпей бузулган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалымдалгандай, Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан Каракол шаарындагы Кыдыр-Аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолу боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Жыйынтыгында дирекциянын айрым кызмат адамдары кызмат абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча баалап, аталган жол сапатсыз жасалып, 6 айга жетпей бузулган. Мамлекетке жалпысынан 1 792 887 сом зыян келитирилгендиги аныкталган.

Бул факты боюнча 337-берене менен ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/13392