Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жаңы формасын презентациялады. Сүрөт
2355
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жаңыланган формасынын бет ачары 9-августта өттү. Футбол союзунун президенти Медербек Сыдыковдун айтымында, улуттук кураманын жаңы формасына кыргыз оюм-чийим түшүрүлгөн.
Ал белгилегендей, жаңы форманы алдыдагы Азия оюндарына жана улуттук курама команда катыша турган континенттин башкы турнири – Азия кубогуна чейин тартуулоону чечишти.
"Жаңы форма жаңы жеңиштерди алып келет деп ишенебиз", - деди ал.
Команданын оюнчулары Бекжан Сагынбаев, Кристиан Браузман жана башкалар форма менен чыгышты.
Ошондой эле 2023/2024 коллекциясындагы биринчи футболка аукционго коюлду. Андан түшкөн каражат Кыргыз Республикасындагы балдар үйлөрүнүн бирине жардам катары жумшалат.Кыргыз футболдук союзу менен JOMA бренди иштеп чыккан курама команда жана күйөрмандар үчүн индивидуалдык дизайнагы мерч массалык сатууга 11-августта чыгат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/13881