Президент Венгрияда кандай иш-чарага катышары белгилүү болду. Делегациянын курамы
1391
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен Венгриянын улуттук майрамына жана жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатына карата иш-чараларга катышуу үчүн Будапешт шаарына иш сапары менен барды.
Тема боюнча:
Президенттин администрациясынан маалымдашкандай, Садыр Жапаровду Венгриянын юстиция министри Бенце Тужон тосуп алды.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында:
- Жээнбек Кулубаев - тышкы иштер министри;
- Муратбек Азымбакиев - президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Талантбек Кушчубеков - Кыргызстандын Венгриядагы элчиси.
Иш сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, башка чет элдик лидерлер менен катар башка иш-чараларга катышат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/14030