Сокулукта 23 жаштагы кыздын өлүмүнө иниси шектелип кармалды
RU

Сокулукта 23 жаштагы кыздын өлүмүнө иниси шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулуктун Кашка-Баш айылында 23 жаштагы кыздын өлүмүнө шектелип бир тууган иниси кармалды. Маалыматты Чүй ОИИББден билдиришти.

Такталгандай, 23-августта Соулук РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2000-жылы туулган Д.М. аттуу кыздын жансыз денеси өзү жашаган үйдүн уктоочу бөлмөсүндө табылды деген билдирүү түшкөн. Анын башында жаракаттары бар экени айтылган.

Бул факты каттоого алынып, 122-берене ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары маркумдун бир тууган иниси - 2008-жылы туулган Ж.М. милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Окуя боюнча тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө уланууда.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: istockphoto.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/14158