Kaktus.media "Вечерний Бишкекке" доону төлөө үчүн каражат чогултууну баштады
RU

Kaktus.media "Вечерний Бишкекке" доону төлөө үчүн каражат чогултууну баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясы "Вечерний Бишкектин" доосун төлөө үчүн каражат чогултууну (краудфандинг) жарыялайт. Журналист Диля Юсупова 100 миң сом, ал эми "ПроМедиа Плюс" (Kaktus.media сайтынын негиздөөчүсү) 500 миң сом төлөшү керек.

21-февралда сот аткаруучу Нурсултан Сагынбаев редакцияга аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу сунушу менен келген. Диля Юсуповада жогорудагы сумма жок. Ал эми редакция дээрлик бардык каражатты эмгек акыларды, салыктарды жана административдик чыгымдарды (ижара, коммуналдык кызматтар жана башкаларды) төлөөгө сарптайт.

Аткаруу өндүрүшүнүн алкагында "ПроМедиа Плюс" коомдук фонду соттун чечиминде көрсөтүлгөн төгүндөөнүн текстин жарыялоого ыктыярдуу макулдук берген. Ошондой эле 2024-жылдын 1-майына чейин бөлүп төлөө планын берүү өтүнүчү менен сот аткаруучуга кайрылган (мыйзам боюнча ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү 10 күн). 28-февралда Борбордук казынага 100 000 сом транш которулуп, "ПроМедиа плюс" сот аткаруучу менен макулдашуу боюнча 1-майга чейин калган 400 000 сомду төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Жогорку Соттун чечиминен кийин окурмандарыбыз каржылык жардам сунушу менен Kaktus.media сайтына кайрылышкан. Эми минтип ыраазы болуу менен кабыл алуудан башка аргабыз жок. Диля Юсуповага жардам берсеңиздер болот. Kaktus.media редакциясы бардык түшүүлөр тууралуу жума сайын кабарлап турат.

Эгерде краудфандинг кампаниясынын алкагында журналистке көрсөтүлгөн каржылык жардам 100 000 сомдон ашса, анда бул каражат "ПроМедиа Плюска" которулат.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, моралдык зыян юридикалык жактан өндүрүлүп алынбайт, ал келтирилген моралдык азаптан улам жеке адамдын пайдасына гана өндүрүлөт деп эсептейбиз. Бирок биз Жогорку Соттун чечимин аткарып жатабыз.

Колдооңуздар үчүн алдын ала рахмат!

Диля Юсупованын (Родионова) реквизиттери

  • Optima Bank (карта): 4169 5853 5056 7680 (Сергей Родионов).
  • Demir Bank (учурдагы эсеп): 1180000034792793.
  • "О! Деньги": 0700909382.

Иштин чоо-жайы

"Вечерний Бишкек" жабык акционердик коому Kaktus.media сайтына каршы доо арызды 2023-жылы жазган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылууга "Вечерний Бишкек" гезитинин жабылышы жана кызматкерлердин иштен алынышы тууралуу макала себеп болгон. Жалпысынан доо 50 миллион сомду түзгөн. Алардын ичинен басылма журналист Дили Юсупова, башкы редактор Наталья Тимирбаева жана негиздөөчүсү Дина Масловадан 25 миллион сом талап кылган. Калган 25 миллион сомду "Вечерний Бишкек" Kaktus.media`дан талап кылган.

Биринчи Май райондук сотунун судьясы Жылдыз Сайдылдаева "Вечерний Бишкектин" доосун жарым-жартылай канааттандырып, банкроттук позициясы боюнча маалымат чындыкка дал келбейт деп тапкан. Мындан тышкары сот моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн журналист Диля Юсуповадан 500 миң сом, "Про Медиа плюс" компаниясынан 500 миң сом, ошондой эле 700 сом мамлекеттик алым өндүрүү чечимин чыгарган.

Чечимге тараптар макул болбой, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануулар менен кайрылышкан.

2023-жылы 10-ноябрда Жогорку Соттун судьялары Маргарита Мельникова, Дилбар Кулматова жана Болотбек Батыралиевден турган коллегия чечим чыгарган.

Жогорку Сот моралдык чыгымды өндүрүү боюнча эки инстанциянын чечимин жарым-жартылай өзгөртүп, журналист Диля Юсуповадан 500 миң эмес, 100 миң сом өндүрүү чечимин чыгарган. Чечимдин калган бөлүгү өзгөрүүсүз калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/15642