Эки өлкөгө бир жол. Тажикистан менен чектешкен Борбордук айылындагы жашоо
RU

Эки өлкөгө бир жол. Тажикистан менен чектешкен Борбордук айылындагы жашоо

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан менен Тажикистан достуктун жолу деп атай турган жол бар. Тагыраагы, эки өлкөнүн тургундары үчүн бул унаа жолу достуктун жолу болуп келген. Жергиликтүүлөр мындан ары дагы ошондой болот деген ниетте. Унаа жол Кыргызстандын Арка, Борбордук айылдары менен Тажикистандын Худжанд, Канибадам шаарларын бириктирет. Ооба, сиз туура түшүндүңүз. Бул жолдо бара жатканда бир эле учурда Тажикистан да, Кыргызстандын да аймагында жүргөн болосуз. Эки өлкөнүн тургундары адаттагыдай эле катташат. Бирок жолду кесип өтө алышпайт, анткени чек ара жабык.

"Бири-бирибизди бир эле көчө бөлүп турат. Көп жылдан бери кошуна болуп, эки эл туугандай болуп калганбыз. Жергиликтүүлөрдүн айрымдары кошуна өлкөгө кызын турмушка узатса, кээ бирлери келин алышкан. Ушундай ынак мамиледе болчубуз. Азыр чек ара жабык, мындан улам Тажикистандагы туугандарга баруу мүмкүн эмес. Тек гана телефон чалуулар, билдирүүлөр аркылуу байланышып калдык. Мурдагыдай бири-бирибиздин жамандык, жакшылыгыбызга баруу, катташуу мүмкүн эмес", - дейт Борбордук айылындагы мектептин биология мугалими Санабар Каримова.

Борбордук айылы Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикистандын Хистеварз айылы менен чектеш жайгашкан.

"Албетте, биз кошуна айылдын тургундары менен достук мамиледе болуп келгенбиз", - дейт Хистеварз айылынын тургуну. "Көпчүлүгүбүздө жолдун аркы өйүзүндө туугандарыбыз бар. Мурда азык-түлүк алганга да барчубуз. Анан албетте, чоң тойлорду Кыргызстанда да өткөрчүбүз".

Кыргызстанда той-топурлардын популярдуулугун оңой эле түшүндүрүүгө болот. 2007-жылдан бери Тажикистанда "Салттарды иретке келтирүү жөнүндө" мыйзам иштеп келет. Мыйзам салтанатка чакырылган адамдардын санын жөнгө салат. Мисалы тойго 150 конок, сүннөт тойго 60ка чейин конок чакырууга болот. Бирок коңшулаш элдерге тойго 150 мейман чакыруу оор деле эмес. Ошентип Тажикистан тургундары мындай эрежелери жок Кыргызстанда маараке өткөрө башташкан.

Эки өлкөнүн аймактарында түптөлгөн футбол командалары да жакшы мамиледе болушкан. 2018-жылы Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (UNDP) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү айылдагы кичи футбол аянтчасын жана воркаут (спорт жабдыктары) аянтчасын жабдууга жардам берген.

"Борбордук айылынын калкы төрт миңден ашуун, ал эми коңшулаш Тажикистандын айылында 60-70 миңге жакын калк жашайт", - деп белгилешет БУУнун Өнүктүрүү программасынан. "Жабдылган футбол аянтчасы эки айылдын тургундарына чогуу машыгууга мүмкүнчүлүк түздү. Жадакалса биргелешкен команда да уюштурулган".

Ал эми 2021-жылы Борбордук айылында жаңы мектептин курулушу башталган.

"Мектептин мурунку имаратынын абалы жакшы эле, болгону биздин айылдын окуучулары батпай калган", - дейт мектеп директору Мусахан Надиров. "2021-жылы президент Садыр Жапаров жаңы имараттын курулушун баштап, 2022-жылдын башында заманбап технологиялар менен салынган эки кабаттуу мектеп пайдаланууга берилген".

Айыл тургундары коңшулары менен уюлдук телефон аркылуу гана байланышып каларын, жалпы пайдалануудагы жол эки тилкеге бөлүнүп каларын такыр ойлошкон эмес.

"16-сентябрда (ред.: 2022-жылы жаңжал башталган күн) балдар адаттагыдай эле мектепке келишти. Жумушка келгенде эң биринчи балдарды үйлөрүнө жөнөттүм. Алар чыр-чатак күчөп кеткенге чейин үйлөрүнө жеткенге үлгүрүштү", - деп эскерет Мусахан Надиров.

Ал балдарды эвакуациялоо менен алектенип жатып өзү айылдан чыгууга үлгүрбөй калган.

"Мындан улам мен жана айрым мугалимдер үйлөрүбүздө калдык. Атышуу башталганда жашынып, ок атылуулардын үнү токтогондо сыртка чыгып жаттык. Мектептин китепканасы кантип күйүп кеткенин баары көрүштү", - дейт Мусахан Надиров. Ошондой эле мектептеги компьютер, принтерлер жоголуп кеткенин да кошумчалады.

Мусахан Надиров учурда айрым окуучулары мектепке кайтып келе электигин айтат.

"Көптөгөн жашоочулар чек ара маселелери чечилгиче айылдан чыгып кетишти. Өткөн жылы эки окуучубуз кайда окуп жатканы белгисиз болуп, ата-энелери менен байланышууга мүмкүн болбой жатты. Айыл өкмөтү аркылуу ал балдардын үй-бүлөлөрү көчүп кеткенин билдик. Кийин окуучулардын ата-энелери биз менен байланышып, убактылуу көчүп кетишкенин, кайра келерин айтышкан", - дейт мектеп директору.

Борбордук айылынын тургундары чыныгы коркунучту баштарынан өткөрүштү. Айрыкча балдарга кыйын болду. Психологдор аларды стресс абалдан алып чыгууга жардам беришти.

"Биз болгон окуяны өзгөртө албайбыз, бирок терапиялык колдоо жана жылуу мамиле менен баланын кыжаалаттыгын өзгөртүп, коопсуздук сезимин кайтара алабыз. Баланын психикасы калыбына келүү жагынан зор мүмкүнчүлүккө ээ. Бул үчүн шарттарды түзүү гана керек", - дейт Баткен облусундагы балдар менен иштеген практик-психолог Елена Сопрунова.

Борбордук айылынын тургундарынын терс эмоциялары эч кимге каршы багытталган эмес. Болгону эки эл мурдагыдай катташып, кызматташсын деген ниет менен чек ара маселесин чечип берүүнү суранышат.

Айылда ар улуттун өкүлдөрү жашайт. Жергиликтүү тургундар эч качан улуттар аралык чыр-чатактар ​​болбогонун, бийлик чек ара маселесин мындай жаңжал кайталанбай тургандай деңгээлде чечсе дешет.

"Бизде 70ке жакын тажик улутундагы балдар билим алып жатышат. Алар Кыргызстандын жарандары. Мектептеги мугалимдер же окуучулар алардын улутуна карап мамиле кылышпайт. Балдар үй-бүлөсүндө да туура тарбия алышарынан жана эң негизгиси - баарыбыз Кыргызстандын жарандары экенибизди түшүнөрүнөн үмүт артам", - дейт директор.

Ал ортодо жашоочулар Худжанд-Канибадам/Арка-Борбордук жолу эки тилкеге бөлүнбөй, жалпы болорун күтүүгө аргасыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/15656