"Балдардын орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун". Президент спикердин сунушуна жооп берди
RU

"Балдардын орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун". Президент спикердин сунушуна жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев кыргызча сөздөрдү арапташтырып, орусчалап жибердик деген тынчсыздануусун билдирген. Анын мындай пикиринен кийин Садыр Жапаров башка тилдерге каршы болбоо керектигин айтты.

"Албетте кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча сунуштарын баарыбыз эле колдойбуз. Эч ким каршы эмес. Бирок орус, англис тили боюнча Нурлан Шакиевдин пикири анын өзүнүн жеке ою. Мамлекеттик саясат таптакыр башка", - дейт президент.

Белгилесек, Нурланбек Шакиев шаарларда гана эмес, алыскы айылдарда да наристелер телефондон орус тилдеги мультфильмдерди көрө берип орусча сүйлөп калып жатканын айтып, интернетте орусча, англисче тилдердеги бардык контенттерди бөгөттөп, мультфильмдерди кыргызчалоо керектигин сунуштаган.

"Орус, англис тилдери дүйнөлүк тилдер. БУУда канча тил болсо орус, англис тилдери алардын ичинде. КМШ өлкөлөрүндө орус тилсиз иштөө мүмкүн эмес. КМШ өлкөлөрү эле эмес, Европанын айрым өлкөлөрүнө, АКШга жана башка бир топ өлкөлөргө расмий сапарлар менен барганда котормо орус тилинде болот. Өздөрү айтышат "Биз орус тилчи котормочу аркылуу сүйлөшөбүз" деп.

Мен акыркы 3 жылда көп эле жолу көрдүм. Ал эми англис тили болсо дүйнө жүзүндө колдонулат. Дайыма билим берүү министрине айтып жүрөм: "Мектептерге мүмкүн болсо эки тилде сабак берген мугалимдер болсо издегиле" деп. Ошондо штаттар да көбөйбөй бир эле эжеке эки тил боюнча сабак берсе жакшы болот эле - орус жана англис тилдеринде. Айрыкча айыл жерлеринде орус тил мугалимдерине муктажбыз.

Балдарыбыздын жаш кезинен эле орусча сүйлөгөнүн уккан жокмун. Тескерисинче, мектепти бүтүп орусча бир сөз билбей түз эле Россияга кетип калып жаткан учурлар бар.

Ал жакка барып орус тилинен кыйналып жатышат. Ошондуктан мен жеке өзүм демилге көтөрүп, бизге 9 орус мектебин салып бергиле деп Владимир Владимировичтен сурангам. Жакында курулуш иштери башталат деп турам.

Англис мектебин салам дегендер болсо да биздин эшигибиз ачык. Кана эле биздин жаштарыбыз үч эмес беш тилде эркин сүйлөп калышса.

Элибиз канчалык көп тил билсе ошончолук дүйнө таанымы кең болот. Көп элдердин каада-салтын, менталитетин билет. Илим билимин үйрөнүшөт. Дүйнөнү кенен көз караш менен карашыбыз керек.

Ошондуктан кыргыз тилибиз эч качан өлбөйт. Түбөлүк жашайт. Өнүгөт. Кудайга шүгүр дешибиз керек. Кантип эле тилибиз 90-жылдардагыдай абалда калды дейбиз. 90-жылдары айылдарыбызда кыргызча сүйлөй албагандар бар болчу. Азыр тескерисинче айылдарда басымдуу көпчүлүгү орусча сүйлөй албай калбадыбы. Себеби айылдарда орус тил сабагынан берген орус мугалимдер жетишсиз болуп атат. Орус, англис тилсиз Кыргызстандан ары чыга албай калат жаштарыбыз.

Ошондуктан эч качан башка тилдерге каршы болбошубуз керек. Албетте кыргыз тилге да катуу көңүл бурабыз. Илгери жоголуп кетпеген кыргыз тилибиз эми жоголуп кетмек беле?"

Ал эми төраганын балдарга кыргыздын нукура ысымдарын ыйгаруу сунушу боюнча мындай деди. "Арабча ат коюлуп жатат дегени ар кимдин өзүнүн иши. Эң негизгиси жүрөгү, каны кыргызмын деп соксо болду. Мисалы Мухаммед деген аттар бизде деле бар. Негизи көп эле аттар окшош келет", - деген президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/15920