Иран Израилге сокку урду. Окуянын чоо-жайы
1542
14-апрелге оогон түнү Иран Израилге абадан сокку урду. Бул Ирандын Израилге Дамасктагы консулдугуна жасалган сокусуна жооп иретиндеги ири чабуулу дешти Иран бийлиги.
Кырдаал боюнча урунттуу учурлар:
- [list]Иран Израилди көздөй 185 дрон, 146 ракета учурду;
- Байден Израиль АКШнын жардамы менен Ирандын дээрлик бардык ракеталары жана дрондорун атып түшүргөнүн айтты;
- Алдын ала божомол боюнча, Израилге келтирилген зыян соккунун масштабын эске алганда "салыштырмалуу аз";
- БУУнун Коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйыны 14-апрелге пландалган;
- БУУнун башкы катчысы дүйнө дагы бир согушту көтөрө албасын айтып, кырдаалды курчутпоого чакырган;
- Иран Тегерандын максаты кырдаалды курчутуу эмес экенин айтып, бирок Израиль аскердик агрессия көрсөтө турган болсо, жообу мындан да катуу болорун эскерткен.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://uyat.kaktus.media/15938