Милицияда эмне үчүн аялдар иштеши керек (бул зомбулукту азайтууга кандайча жардам берет)
RU

Милицияда эмне үчүн аялдар иштеши керек (бул зомбулукту азайтууга кандайча жардам берет)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын саны 13 миң 104 адамды түзгөн. Алардын 95 пайызы аялдар. Бул Ички иштер министрлигинен алынган маалымат.

Көңүл бөлүп карасак, бул каттоого алынган гана фактылар. Эксперттердин айтымында, зордук-зомбулукка кабылган аялдар милицияга кайрылбоону туура көрүшөт. Мунун бирден бир себеби - алар укук коргоо кызматкерлеринин арасында түшүнбөгөндөр болот деп коркушат.

Kaktus.media бул кооптонуулар канчалык негиздүү экенин жана кырдаалды кантип өзгөртсө болорун талдап көрдү.

Көйгөй эмнеде

Маалымдама

2015-жылы "Жарандык союз" коомдук уюму жалпы улуттук изилдөө жүргүзүп, анын жүрүшүндө зордук-зомбулукка кабылгандардын укук коргоо органдарына кайрылуусунун реалдуу абалы изилденген. Алардын маалыматы боюнча, зомбулукка кабылган аялдардын жарымына жетпегени милицияга кайрылат. Ошондон бери абал анча деле өзгөргөн жок.

Аялдардын милицияга кайрылбоосунун себептери ар кандай. Көбүнчө аялдар милиция кызматкерлеринин айыптоосунан коркуп, ошондой эле алардын маселесине тийиштүү көңүл бурулбай каларынан кооптонушат.

"Зомбулукту башынан өткөргөндөрдүн реакциялары ар кандай болушу мүмкүн. Кээ бирлери токтоо жана сабырдуу көрүнүшү мүмкүн, бул нес абалда экенинен кабар берет, айрымдары кескин реакция кылып, эмоцияларын ачык билдириши ыктымал. Жабырлануучулар кыжаалат абалда болуп, окуяга тиешеси жок адамдарга ачуусун же коркуу сезимдерин билдириши мүмкүн. Окуядан кийинки курч фаза дароо башталат жана бир нече күнгө созулат", - дейт психолог Мария Самсонова.

Психологдун айтымында, зордук-зомбулукка кабылган аялда көбүнчө жабыр тарткандан кийинки стресстин бардык белгилери пайда болот.

"Зомбулукту башынан кечирген аял көзөмөлдү жоготуп койгон курч сезимде болот. Эркектерден коркуу сезими пайда болгон учур сейрек эмес, бул өз кезегинде эркек тергөөчүгө көрсөтмө берип жатканда психологиялык тоскоолдукту жаратат. Аял түнт болуп, сүйлөбөй, болгон окуя үчүн өзүн күнөөлүү сезип, уялышы мүмкүн", - дейт психолог Мария Самсонова. - Жабырлануучу башынан өткөргөн азаптан кийинки стресстен, айыптоодон же зомбулуктун кайталанышынан корккондуктан, жабырлануучу эркек тергөөчүгө болгон окуяны ачык айтып, бардык жагдай менен толук бөлүшүүдө кыйналышы мүмкүн. Мындай учурларда сурак жүргүзгөн адистин кесипкөйлүгү гана эмес, жынысы да абдан маанилүү. Зордук-зомбулукка кабылган аялга тергөөчү айымга ачылып, окуянын жагдайларын айтып берүү оңой болушу мүмкүн, бул өз кезегинде кылмыштын бетин ачууга жардам берет".

Алтынай (аты өзгөртүлгөн) беш айлык боюнда бар кезинде аны күйөөсү сабап баштаганын айтат. Эгер жумуштан кечигип келсе, үйгө киргизбей койчу. Бала төрөлгөндөн кийин жашоо дагы начарлап кеткен. Алтынай жолдошунан кетүүгө аракет кылган, бирок күйөөсү оңолот деген үмүтү болгон. Бир канча жолу кетип, кайра келген. Ошентип жүрүп экинчи ирет көз жарган. Акыр-аягы ажырашууну чечкен. Бирок эки жолго түшкөндө күйөөсү уулун алып калган. Ал эми Алтынайга кызын эле алууга, чогуу салган үйдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

"Уулумду көрүүгө да уруксат беришпейт. Мени балдарымды бага албаган, психикалык жактан оорулуу, жүрүм-туруму ордунда эмес деп көрсөтүү аракетин кылып жатышат, бирок бул туура эмес. Мен балдарымдын курсагын тойгузуп, кийиндирип, ийримдерине, тренингдерине акча төлөчүмүн", - дейт Алтынай.

Учурда ал балдарын өз камкордугуна алуу үчүн мурунку күйөөсү менен соттошуп жатат.

"Аял өз укугун коргоого мажбур болууда, бирок аны уккан кулак жок. Ал баласын көргүсү келет, бул учурда конфликт башталып, милиция келет. Ал ким? Эркек кызматкерлер. Бизде бул кандай иштейт? Ал айтат: "Келгиле, эркекче сүйлөшөлү. Күйөөсү айтат, аялым жүрүп кетти, баланы мен багып жатам, келип алып чатак чыгарып жатат", - дейт. Милиция эмне кылат? Окуяны журналга каттап, бардыгын адаттагыдай милиция бөлүмүнө алып барып, ар бири түшүнүк кат жазышат", - деди адвокат Индира Саутова. Жактоочу ишти азыр райондук сот карап жатканын белгиледи.

"Жарандык союз" коомдук уюмунун өкүлдөрү да аялдар көп учурда ар кандай себептерден улам (объективдүү жана субъективдүү) укук коргоо органдарынан тийиштүү жардам ала албай жатканын айтышат.

"Анын бирден-бир себеби - милиция кызматкерлери бул кылмыштарды кантип иликтөөнү билишпейт, гендердик сезимталдык жок, укук коргоо органдарында аялдар өтө аз", - дейт "Жарандык союз" уюмунун теңтөрагасы Тимур Шайхутдинов.

Маалымдама

Акыркы жылдары ички иштер органдарында аялдардын саны аз бойдон калууда – 2019-жылдын башында ички иштер органдарында 13% аялдар иштеген. Алардын ичинен аттестациядан өткөнү (башкача айтканда погон тагынып, укук коргоочулук милдеттерди түздөн-түз аткаргандар) 6,5% гана. Ички Иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башына карата ички иштер органдарында аялдардын үлүшү 7,1%ды түзөт. Аял кызматкерлер негизинен кадр бөлүмдөрүндө, катчылыктарда, финансылык жана материалдык камсыздоо кызматтарында, жашы жете электер менен иштөө инспекцияларында эмгектенишет.

Абалды кантип өзгөртсө болот?

"Жарандык союз" коомдук уюму аялдарга карата зордук-зомбулук фактылары боюнча укук коргоо системасындагы гендердик сезимталдыктын жоктугу боюнча көйгөйдү чечүү үчүн милиция жана прокуратура органдарында аялдардын санын көбөйтүүнү сунуштоодо.

Буга "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" КР Мыйзамына жана "Прокуратура жөнүндө" КР конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу жетишүүгө болот.

"Жарандык союз" милицияда жана прокуратурада аялдардын өкүлчүлүгүнүн кеминде 30% болуусуна жетишүү зарыл деп эсептейт. Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева бул демилгени колдоп, бирок аялдар менен эркектер теңме-тең болушу керектигин белгиледи.

"Парламентте иштегениме тогузунчу жыл болду, 9 жылдан бери адамдар үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча кайрылышат.Тилекке каршы, мындай кайрылуулардын саны азайбай жатат. Ал эми аймактардагы аялдар көп учурда тергөөчү аялдар арыз-муңун укса деп суранышат. Жакында эле бир келин айтып берди, алардын кичинекей айылында баары бири-бири менен тааныш, тууган экен: классташтар, тааныштар, туугандар, кудалар. Ар кимдин өз ара мамилеси бар. Мага кайрылган аял ал айылга келин болуп барган, күйөөсүнө карата арыз менен райондук милицияга кайрылганда, коркунуч жок, жарашуу керек деп айтыптыр", - деп белгиледи Эльвира Сурабалдиева. – Ушундай абалдагы аялдардын үнүн милиция бөлүмүндө башка аялдын укканы маанилүү. Балким ушундай көйгөйлөр менен иштешип келген, жок дегенде зомбулукту кадимки көрүнүш катары кабыл албаган кызматкер болсо" , - дейт Эльвира Сурабалдиева.

Ал 50% өтө жогорку көрсөткүч деп эсептебейт.

"Азыр деле укук коргоо органдарында аялдар иштешет. Бирок алар көбүнесе иш кагаздарын жүргүзүү жана техникалык иштерди аткарышат. Мындан тышкары гендердик квота дайыма эле сакталбай жатканын Жогорку Кеңештин мисалынан көрүп турабыз. Демек, ушундай гендердик паритетти орното турган болсок, анда тергөөчүлөрдүн арасында 20 - 30% аялдар болот деген үмүт бар", - дейт Эльвира Сурабалдиева.

Маалымдама

2022-жылдын апрель айында БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2022-2024-жылдарга тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууда аялдардын ролу жөнүндө 1325 резолюциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планы кабыл алынган. Документке ылайык, аялдарды тынчтыкты, коопсуздукту сактоо жана гендердик зомбулуктун алдын алуу маселелерине тартуу жана алардын ролун күчөтүү зарыл. 2022-жылы мамлекеттик органдарда гендердик маселелерди пландуу жана системалуу илгерилетүү, институционалдык эс-тутумду сактоо жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жооптуу адамдарды дайындоо камсыздалганы ырасталат. Бүгүнкү күндө бул программага тартылган органдардын кызматкерлери окуудан өтүп, өзгөчө абалдарда жана башка кризистик кырдаалдарда гендердик зомбулуктан жабыр тарткандарга квалификациялуу кызматтарды көрсөтүүгө жана жардам берүүгө даяр.

Бул план кандай аткарылып жаткандыгы тууралуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Укук коргоо органдарындагы аялдар ишти кантип өзгөрткөн. Кыскача тарых

Дүйнөлүк практикада аялдар расмий түрдө ээлеген биринчи полициялык кызмат "полиция матрону" деп айтылган. Матрондор камактагы аялдарды коштоп, аларды дарыгердин кароосуна даярдашкан.

Алгачкы чыныгы полиция аял камакка алуу ыйгарым укуктары жана төш белгиси бар Мэри Оуэнс болгон. Ал балдардын эмгеги жана социалдык камсыздоо мыйзамдарын ишке ашыруу үчүн күрөшкөн.

Мэри Оуэнстен кийин полицияда аялдар көбөйө баштаган. Кылмыш иликтөө ыкмалары да жакшыра баштаган. Буга полициянын капитаны Фрэнсис Ли зор таасир эткен. Ал Гарвардда соттук медицина курсунан сабак берип, куурчак үйлөрдү колдонуу менен кылмыш көрүнүштөрүн калыбына келтирүү менен жаш тергөөчүлөрдү окутуу ыкмасын ойлоп тапкан.

Ал эми Элис Стеббинс Уэллс аттуу полицияда иштеген аял 1910-жылы Лос-Анжелестин полиция башчысын, муз тебүүчү аянттарда жана бий залдарындагы жаш кыздарды коргоо үчүн кароол жүргүзүүгө аялдарды жалдоого ынандырган.

1920-жылы Паулина Онушонок Ленинграддын эң кылмыштуу району болгон Лиговканы көзөмөлдөгөн райондук милиция бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган. Революциядан кийин көп балдар кароосуз калып, аларга жардам берүү үчүн Онушонок милицияда балдар бөлмөлөрүн түзүүнү сунуштаган.

Пикирлер

"Жарандык союз" коомдук уюму аялдардын милициядагы өкүлчүлүгү боюнча сурамжылоо жүргүзгөн.

Изилдөөгө катышкандардын пикирлери экиге бөлүнүп калган. Сурамжылоого катышкандардын жарымынан көбү (57,2%) укук коргоо органдарында аялдардын санын көбөйтүүнү колдошот.

Респонденттер белгилегендей, аялдар сылыгыраак, маданияттуурак, адилеттүүрөк жана коррупцияга көп азгырылбайт. Ошондой эле балдардын, жаштардын жана аялдардын көйгөйлөрүн эркектер жакшы чече албастыгын белгилешкен. Ушул себептүү милициядагы аялдардын санын көбөйтүүнү сурамжылоого катышкандардын 17,6% айткан.

Милицияда иштеген айымдар баары менен оңой тил табышат жана алар менен иштөө оңой. Анткени бизде жабырлануучулардын көбү кыздар, кыздардын аялдарга ачылуусу оңой болот.

"Ошол эле учурда респонденттердин айрымдары аялдар аларга чоң коркунуч келтирбеген кызматтарды ээлеши керек деп эсептешет.

Аялдардын санын көбөйтүүгө болот, бирок өтө эмес. Албетте, кыз-келиндер кайгуулда, коомдук жайларда, кеңселерде керек, бирок кылмышкерлерди кармап, жоопко тартууда алар алсыз болушат". Бул 35 жаштагы эркектин пикири, Ош облусу.

Респонденттердин дагы бир бөлүгү милицияда иштөө жалаң эркектерге мүнөздүү деп эсептейт – 7,6% ушундай деп жооп беришти. Дагы 16,8% кандай болсо бардыгын ошол бойдон калтыруу керек дешет жана аялдардын азыркы учурдагы санына канааттанышат. Эң көп айтылган себептер – аялдар эркектерге салыштырмалуу физикалык жактан алсыздыгы жана коомдогу гендердик ролу. 0,8% бул суроого жооп бере алган эмес.

"Мен динчил адаммын, ошондуктан милицияда аял болбошу керек деп ойлойм". Эркек, 27 жашта, Ош.

Маалымдама

Негизи көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө аялдар полицияда кызмат кылышат.

Бириккен Араб Эмираттарында биринчи полицияда иштеген аялдар мындан 40 жыл мурун пайда болгон. Эмираттын полиция кызматында аялдар 40 жылдан бери иштеп келишет. Бүгүнкү күндө Дубайда эле 1500гө жакын аял полицияда иштейт, бүткүл өлкө боюнча 15 миңден ашык аял полиция кызматкери бар жана бул көрсөткүч такай өсүүдө.

2017-жылы король Салман бин Абдул Азиз аль-Сауддун жарлыгына ылайык, Сауд Аравиясында аялдарга полиция кызматкери болуу мүмкүнчүлүгү берилген.

Ооганстанда мурдагы өкмөттүн тушунда 4 миңден ашык аял Ички иштер министрлигинин ар кандай бөлүмдөрүндө иштеген. Талибдер бийликке келгенден кийин ооган коопсуздук күчтөрүндө аял кызматкерлердин саны кескин кыскарган. Бирок 2022-жылы жаңы өкмөт аялдардын полиция бөлүмүн түзүүнү чечкен.

Азыркы абал

Азыркы учурда Кыргызстанда милиция аялдардын ассоциациясы иштейт. Аны Каана Айдаркул жетектейт.

"Биздин бирикменин иши дал ушул милиция кызматкерлеринин арасында аял кызматкерлердин сапаттуу жана сандык көрсөткүчтөрдү жогорулатууга багытталган. - Милиция кызматкерлеринин бир пайызын гана аялдар түзгөн мезгил болгон. Милиция бөлүмдөрүндө аялдар таптакыр жок болгон учурлар кездешкен. Бирок укук коргоо органдарына аялды жөн эле кызматка алуу жетишсиз. Бул жерде башкача ыкма маанилүү. Аялдар өздөрү кызыгышы керек. Ал бул жумушта аны эмне күтүп турганын түшүнүшү зарыл. Аялдардын милицияда иштөөнү каалаоосуна шарт түзүү талап кылынат. Милициялар күнү-түнү иштейт. Жада калса ИИМдин Академиясынын окутуучулары да коомдук тартипти сактоо үчүн нөөмөткө чыгып турууга аргасыз. Алардын жумуш убактысы саатка ченелбейт. Биздин уюмдун максаты - аял кызматкерлердин кесиптик жана инсандык деңгээлин көтөрүүгө жардам берүү", - деди ал.

Каана Айдаркул башка мамлекеттерде укук коргоо органдарында иштеген аялдар дагы ушундай көйгөйлөргө туш болуп жатканын белгилейт.

"Мен милицияда иштеген аялдардан сурасам, алар "кызмат менен үй тиричилигин айкалыштырууга туура келет" деп жооп беришти. Бирок Академиянын бүтүрүүчүлөрүнүн дымагы абдан жогору, милицияга капысынан эле келип калбайт", - деп белгиледи Айдаркул.

Алина Нефедова 2019-жылы Ички иштер министрлигинин Академиясын аяктап, милицияга иштөө үчүн келген. Былтыртан бери Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде тергөөчү болуп иштейт. Анын биринчи тергөө иши каракчылык боюнча болгон.

"Жигит кыз отурган унаага чуркап барып, анын колунан телефонун жулуп кеткен. Кыз арыз жазган, ошол эле күнү кечинде ыкчам иштеген кызматкерлер шектүүнү сүрөттөө боюнча таап, колго түшүрүшкөн. Мен аны суракка алдым. Ал жаш болчу. Биз аны менен кадимкидей эле сүйлөштүк. Мен андан жөн эле сурадым, ал жөн гана жооп берди", - деп эстеди Алина.

Ал жумушуна байланыштуу эч кандай басмырлоону сезбей турганын айтат.

"Академияда деле аялдар менен эркектер бирдей деңгээлде деген түшүнүк бар болчу. Биздин жумушта, албетте, эркектер көп. Ооба, мага дагы "милицияга барып эмне кыласың" деген сөздөрдү айтышкан. Аялдар үй-бүлөгө көп көңүл бөлүп, тиричилик менен алектенгендиктен, биз үчүн кыйыныраак. Ошондон улам аял генералдар жок болсо керек", - дейт Алина Нефедова.

Маалымдама

Кыргызстанда 150дөн ашык генерал бар. Бул тизмеде бир дагы аял жок. Кыргызстандын тарыхында прокуратурада же соттордо генералдык наамга тете (башкача айтканда, наамы боюнча эмес, кызматы, чини боюнча) чин ыйгарылган аялдар болгон жана азыр да бар. Андай чин мисалы, башкы прокурор кызматын ээлеген Аида Салянова менен Индира Жолдубаевада болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү, милициянын подполковниги Гүлмира Мукамбетова аялдардын иши оор экенин ырастап, бирок эч качан басмырлоого кабылбаганын баса белгиледи.

"Аял жумуштан кийин кир жууйт, үй жыйнайт, тамак жасайт. Балдарды карайт. Өзүнө дагы кам көрүшү керек. Күйөөлөрү, албетте, жумуштан мен эле чарчадым дегендей түр көрсөтпөй, аялына жардам бериши керек", - деди Гүлмира Жолочуевна. Подполковник милицияда иштеген аялдардын мүнөзү катуу, өжөр, баштаган ишин аягына чыгарган, максатына жеткендер деп белгилейт.

Гүлмира Мукамбетова өзү чоң апасынын кеңеши менен милицияга келген.

"Чоң апам Караколдо сот болуп иштеген. Ал неберелеринин бири укук коргоо органдарында иштөөсүн абдан каалачу. А мен дайыма активдүү, спортчу болуп жүрдүм, эмнегедир чоң апамдын каалоосуна дал келген адам мен болуп калдым. Ошентип 1998-жылдан бери иштеп келем. Эң биринчи ишимдин бири – өрт чыккан жерге баруу болчу. Ал жерде эки аял каза болгон – бири майып, экинчисинин ичимдикке байланышкан маселеси болгон. Ошондо мен өрт өчүрүүчүлөр өрттү эртерээк өчүрсө, биз ичиндеги адамдардын сөөгүн алып чыксак, туугандары аларды жерге берсе деп түйшөлгөм. Тек ошону эле ойлонгом", - дейт Мукамбетова.

Азыр ал Бишкек шаардык тергөө кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү.

"Мен өзгөчө оор иштерди, анын ичинде медициналык каталар жана ири өлчөмдөгү алдамчылык менен байланышкан иштерди иликтейм. Мен кылмыштын бетин ачуу үчүн мүмкүн болгон жана ал тургай мүмкүн эмес нерселердин баарын жасайм. Милиция тек эркектердин иши деп айта албайм. Тескерисинче, аялдар көп учурда тартиптүү, майда-чүйдөсүнө чейин кылдат көңүл бурушат", - деп ишенет Мукамбетова.

Баса, Мукамбетованын кызы да милицияда иштейт.

"Жарандык союз" коомдук уюмунун өкүлдөрү укук коргоо органдарында аялдардын санын көбөйтүп коюу жетишсиз экенин белгилешет. Аялдардын карьералык өсүүсүнө шарт түзүп берүү керек. Учурда өлкөдө бир дагы аял генерал жок. Ал эми ички иштер башкармалыгынын аймактык, ири жана маанилүү бөлүмдөрүнүн башчылыгында аялдар жок.

"Мен Бишкек кайгуул милициясын түзүүгө катыштым, - дейт Тимур Шайхутдинов. - Сынактан бир нече кыз-келиндер өттү, анын ичинде жетекчилик кызматтарга да барышты. Бизде алардын ишин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Мен аларга кыйын экенин көрдүм. Алар кызматка татыктуу экенин кесиптештерине дайыма далилдеп турууга аргасыз. Эркек кесиптештерине караганда күчтүүрөөк экенин далилдөөгө мажбур".

Азыр эмне кылуу керек? Кыскача

  • Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети гендердик зомбулуктан жабыркагандарды коргоону, чара көрүүнү жана тергөөнү, анын ичинде зомбулукка кабылгандардын өзгөчө муктаждыктарын эске алуу, укук коргоо функцияларын түздөн-түз аткаруучу кызматтарда иштеген ички иштер органдарындагы аял өкүлдөрдүн санын талдап чыгуусу;
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Министрлер Кабинети, Башкы прокуратурага, Ички Иштер министрлиги аялдардын укук коргоо органдарындагы өкүлчүлүгүн кеңейтүү, аялдардын өкүлчүлүгү жөнүндө ченемдердин иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылуу максатында - ички иштер жана прокуратура органдарында (өздүк курамдын кеминде 30%ы) кесиптик тепкичтерден чыгуу үчүн бирдей шарттарды түзүп берүүсү. Ошону менен бирге "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" КР Мыйзамдарында жеке курамдын арасында гендердик өкүлчүлүк жөнүндө ченемди чагылдыруу сунушталууда.

Бул макала АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен даярдалды. Kaktus.kg маалыматтын мазмуну үчүн жооптуу, ал USAIDдин же АКШ өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/15964