BakAi - "Акылдуу акча которуулар" уникалдуу кызматын ишке киргизди
RU

BakAi - "Акылдуу акча которуулар" уникалдуу кызматын ишке киргизди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бакай Банк" ААКы онлайн акча которууларды жаңы деңгээлге чыгарган BakAi мобилдик тиркемесиндеги "Акылдуу акча которуулар" аттуу жаңы, уникалдуу кызматты ишке киргизгенин кубануу менен кабарлайт.

Эми тизмеден банктарды же электрондук капчыктарды издөөнүн кажети жок. Болгону көрсөтүлгөн атайын бош жерге телефон номерди же картанын номерин жазуу жетиштүү. BakAi сиздин которуулар боюнча тарыхчаңызды өзү анализдейт дагы акча которуунун пайдалуу жана ыңгайлуу жолун аныктап берет.

Бул кантип иштейт?

1. "Которуулар" бөлүмүнө кирип, "Издөө же акылдуу акча которуу" баскычын басыңыз.

2. Дарек китепчесинен телефон номерди тандаңыз/жазыңыз же болбосо картанын номерин териңиз. Система сизге жеткиликтүү болгон акча которуунун бардык жолдорун сунуштайт, ал эми сиз керектүүсүн гана тандайсыз.

3. Акча алына турган эсебиңизди тандап, жиберчү сумманы жазып, "Которуу" баскычын басыңыз.

Тиркемени азыр эле Google Play же App Store"дон жүктөп же жаңылап алыңыз жана ыңгайлуу, жөнөкөй транзакцияларды жүргүзүүдөн ырахат алыңыз.

BakAi"га өтүңүз. Инновацияны тандаңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/15991