Үлүштүк катыш аркылуу турак жай алуудагы тобокелдиктерди болтурбоо боюнча кеңештер
RU

Үлүштүк катыш аркылуу турак жай алуудагы тобокелдиктерди болтурбоо боюнча кеңештер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда курулуп жаткан имараттардан турак жай сатып алуу барган сайын популярдуу вариантка айланып баратат. Бирок бул жерде белгилүү бир тобокелдиктер бар. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө кырктан ашык курулуш компаниялары убадаларын аткара электигин белгилешүүдө. Бул дагы бир жолу келечектеги сатып алуучулар үчүн өз укуктарын билүү жана курулушчуларга талаптарды коюу канчалык маанилүү экенин көрсөтүп турат.

Кеңири тараган тобокелдиктердин бири - ар кандай документтерге, мисалы, алдын ала ээлөө (бронь) келишимине же инвестициялык келишимге кол коюу сунушу. Компаниялар муну үлүштүк катышуу келишимине кол коё албагандыктан жасашат, анткени курулушка уруксат алына элек. Буга байланыштуу келишимдер жокко чыгарылышы мүмкүн. Келечектеги көптөгөн сатып алуучулар кыймылсыз мүлктүн баасы төмөн болгондуктан мындай шарттарга макул болушат.

Көбүнчө сатып алуучулар келишимге кол коюудан жана төлөөдөн мурда компаниянын документтерин текшеришпейт. Буга байланыштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан сатылуучу турак жайлар боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында курулуш долбоорлорунун порталы ишке киргизилди. Бул порталдан курулуп жаткан объектилер тууралуу маалыматка ээ болуп, алардын мамлекеттик курулуш реестринде катталган, катталбаганын тактаса болот.

Алдамчылыктан жабыркап калбоо үчүн Vilar курулуш компаниясы төмөнкү кеңештерди сунуштайт.

Компаниянын документтерин текшерүү. Компаниянын курулуш үчүн бардык керектүү уруксаттары жана лицензиялары бар экенине ынануу керек. Муну Мамкурулуштун реестри аркылуу тактаса болот.

Келшимдерге кол коюуга жана акча төлөөгө шашпаңыз. Курулушчу сунуш кылган бардык документтерди кылдат изилдеп, кандайдыр бир шектенүүлөр же суроолор болсо юристтен кеңеш алуу зарыл.

Турак жай базарын талдоо. Ар кайсы курулуш компаниялардын турак жайга болгон бааларын салыштырып, алар жөнүндө башка сатып алуучулардын сын-пикирлерин угуу керек. Бул сунушталып жаткан баанын ылайыктуу экендигин аныктоого жардам берет.

Маалымат үчүн расмий булактарга кайрылуу. Курулуш компаниялар жана алардын долбоорлору жөнүндө ишенимдүү маалымат алуу үчүн мамлекеттик органдар тарабынан берилген ресурстарды колдонуу зарыл.

Бул сунуштарды аткаруу үлүштүк катыш аркылуу үй сатып алууда мүмкүн болгон тобокелдиктерден коргоого жардам берет. Vilar курулуш компаниясы эскертет: бул процессте маалымдуулук жана ыкластык эң жакшы курал экенин унутпаңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16000