Чек талап кылууну стимулдаштыруу үчүн жаңы акция. Шарттары
RU

Чек талап кылууну стимулдаштыруу үчүн жаңы акция. Шарттары

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салык кызматы жарандарды товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда чек талап кылууга үндөө боюнча акция жарыялайт. Мамлекеттик салык кызматы жарандарды бул акцияга активдүү катышып, баалуу байгелердин бирин утуп алууга чакырат.

Акцияда iPhone жана смартфондор белекке берилет.

Акцияга катышуу үчүн бир нече шарттарды аткаруу керек.

1. Инстаграмдагы же Фейсбуктагы баракчаңыз аркылуу кассалык аппарат колдонулбаган жана кассалык чектер берилбеген сатуу жана кызмат көрсөтүү пункттары жөнүндө фото, видео жүктөп, дарегин, атын жана убактысын жазыңыз. Ошондой эле сатып алууда чек милдеттүү талап кылуу жөнүндө же керектөөчүлөрдүн жашоосунда чектин мааниси жөнүндө видео же фотоматериалдарды жарыяласаңыз болот.

Канчалык көп бөлүшсөңүз, ошончо байге утуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору болот.

2. Ар бир маалыматты бөлүшкөндө салык кызматынын баракчасын (Инстаграмда @salyk_kg жана Фейсбукта @salykkg) #actionsalyk хештеги менен белгилөө керек;

3. Инстаграм же Фейсбук социалдык тармактарындагы салык кызматынын баракчаларынын бирине сөзсүз катталуу болушуңуз абзел;

4. Акция тууралуу жок дегенде бир маалыматты баракчаңызга жайгаштырыңыз же бөлүшүңүз жана үч досуңузду белгилеңиз. Акция тууралуу маалыматты салык кызматынын Инстаграм же Фейсбук социалдык тармактарындагы баракчаларынан тапсаңыз болот.

5. Акцияга катышуучунун баракчасынын профили ачык, активдүү болушу керек жана 50дөн кем эмес адам ага жана өзү да 50 адамга жазылуу болушу шарт. Ошондой эле катышуучунун жүзүн чагылдырган үчтөн кем эмес сүрөт болушу керек.

Акциянын бардык шарттарын аткарган катышуучу гана сыйлыктын ээси болот.

Акция тууралуу кеңири маалыматты салык кызматынын социалдык тармактардагы баракчаларынан жана www.sti.gov.kg сайтынан алса болот. Ошондой эле 116, 0500 48 79 62, 0221 80 44 86, 0990 09 20 42, 0500 74 34 34 номерлери аркылуу кошумча маалымат алса боюнча.

Башкы беттеги сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16009