Сокулукта 2 млн сомдон ашык акча сакталган сейф уурдалган. Шектүүлөр табылды
RU

Сокулукта 2 млн сомдон ашык акча сакталган сейф уурдалган. Шектүүлөр табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Сокулук районунун Фрунзе айылындагы "Б-Д" агро-маркетинин кеңсенинен сейф уудалган. Анда 2 млн сомдон ашык каражат болгон дешет облустук ички иштер башкармалыгынан.

Маалым болгондой, 27-апрелде М.Д. аттуу жаран милицияга кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 04:00 чамасында агро-маркеттин кеңсенине белгисиз адамдар кирип, 2 миллион сомдон ашык акча каражаты бар темир сейфти уурдап кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча "Уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 1979-жылы туулган Э.Ж. жана 1986-жылы туулган Б.А. аттуу жарандар аныкталып, Ош шаарынын аймагында кармалышты. Шектүүлөр кылмыш кылгандан кийин Ош шаарына изин жашырышкан.

Кармалгандардын бири - Б.А. аттуу жаран 2023-жылдын июль айында Токмок шаарындагы ишканалардын биринен 60 миң доллар жана 1 млн 500 миң сом акча каражатын уурдоого тиешеси бар экендиги аныкталып издөөдө жүргөн.

Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө Б.А. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин катоосунда тургандыгы аныкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16062