Окуучуларды сүзүп кеткен "Портердин" айдоочусу камакка алынды
RU

Окуучуларды сүзүп кеткен "Портердин" айдоочусу камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда окуучулар кабылган кырсыкты Ички иштер министрлигинин жетекчилиги көзөмөлүнө алды. ИИМден билдиришкендей, жетекчилик окуяны көзөмөлдөө үчүн жерине жөнөп кетти.

Ал эми Жалал-Абад ОИИБден "Портердин" айдоочусу камакка алынганын билдиришти.

Окуя боюнча Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 312-берененин 2-бөлүгү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү кызматтарга тергөө тапшырмалары берилип, жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Тергөө амалдарын жүргүзүүдө шектүү катары Сузак районунун 1976-жылы туулган тургуну Ж.Б. суралып, андан соң убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16067