Үзүр Жусупбеков Олимп оюндарына лицензия утуп алды
RU

Үзүр Жусупбеков Олимп оюндарына лицензия утуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Үзүр Жусупбеков Түркияда өтүп жаткан Дүйнөлүк лицензиялык турнирде Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды.

Балбан 97 кг чейинки салмак категориясында 1/16 баскычынан баштады. Алгачкы беттешинде болгариялык балбанды жеңип, кийин финляндиялыкка утулуп калды. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу көңүл жубатуучу беттеш өткөргөнгө мүмкүнчүлүк алган. Анда биринчи беттешинде хорватиялык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийин япониялык балбанды 8:0 эсебинде артта калтырды.

Ал эми Олимпиадага жолдомо үчүн беттеште немис балбанын жеңип, аны менен бирге Кыргызстандын куржунуна 10 (онунчу) лицензияны кошту.

Эскерте кетсек, буга чейин ата мекендик спортчулар 9 лицензия утуп алган. Анын ичинен спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча 8 лицензия бар болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16132