УКМК Бишкектеги массаж салону делген жай сойкукана экенин аныктады
RU

УКМК Бишкектеги массаж салону делген жай сойкукана экенин аныктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте сойкукана уюштурууну аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган системалуу иш-чаралардын алкагында массаж салонуна жамынган сойкукана аныкталды. УКМКдан билдиришкендей, көмүскө жайда 8 кыз иштеп жүргөн.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө аталган жайда 8 кыз интимдик кызмат көрсөтүп жүргөндүгү аныкталып, уюштуруучусу Д.А.Д. кармалды.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ушул сыяктуу дагы башка фактылар аныкталууда.

УКМК интимдик жайларды уюштургандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги, ошондой эле сойкулукка тартуу жана аны менен алектенүү үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16151