Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузган кыргызстандык сыйланды
RU

Түркияда Чыңгыз Айтматовдун айкелин тургузган кыргызстандык сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркиянын Анталья шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин орноткон кыргызстандык Венера Кожоева ТҮРКСОЙдун сыйлыгы менен сыйланды. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунан билидришкендей, сыйлыкты уюмдун баш катчысы Султан Раев тапшырды.

Венера Кожоева Баткендин Кадамжай районунан болот. Ал Түркияда ишкерлик менен алектенип, жыл сайын кайрымдуулук иштерин өткөрүп келет. Кожоева айкелди тургузууга эмне

"Атам үчүн Кадамжай районундагы 3 мектепте мыкты окуган окуучуларга стипендия берип, белектерди тапшырып турабыз. Бир жылы мектептерге Чыңгыз Айтматовдун томдуктарын окуучуларга тараттык. Ошол күнү китеп алган бир окуучу кыз мага келип, көзүнө жаш алып ыраазычылык айтты. Ал кыз окууга, Айтматовдун чыгармаларына аябай кызыкканын, кыялы орундалганын айтты. Ошол окуучунун окууга кызыгуусу, жазуучубузга урматы мага абдан таасир берген. Эстелик орнотууну консулдуктан айтышып, биз каржылап бердик. Башка өлкөдө, бөтөн жерде эстелик тургузуу да оңой эмес экен. Бирок биз аны жасадык", - дейт Венера Кожоева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16161