Бишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттин ишине бөгөт коюлду
RU

Бишкекте 400дөн ашык чет элдик студенттин ишине бөгөт коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте ички иштер органдарынын кызматкерлери чет элдик жарандардын арасында ыкчам-профилактикалык комплекстүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Анын алкагында 400дөн ашык чет элдик студенттин иштөөсүнө чектөө коюлду дешет Бишкек ШИИББден.

Борбор калаада билим алып жаткан чет өлкөлүк студенттердин арасында жеткирүү кызматтарында иштеп, мобилдик транспортторду колдонгондордун жол кыймылынын эрежелери, чет элдик жарандардын өзүн алып жүрүү тартибин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин 12-апрелден бери уланууда.

Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын аймагында ишмердүүлүктүн ар кандай чөйрөсүндө иштеген чет өлкөлүк жарандар аныкталып, Кыргыз Республикасынын аймагында жашоо же иштөө эрежелерин бузгандыгы үчүн 431-беренесине (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында болуунун, иштөөнүн же транзиттин белгиленген эрежелерин бузуусу) ылайык, 225тен ашык протоколдор түзүлгөн жана 1 млн 248 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынган.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы чет өлкөлүк жарандардын же жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанга мыйзамсыз кирүүсүн камсыздап, аларды Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу мыйзамсыз транзиттик өтүүсүн уюштургандар жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16162