Бишкекте колониядан качып кеткен жаран колго түшүрүлдү
RU

Бишкекте колониядан качып кеткен жаран колго түшүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте абактан качып чыгып, издөөдө жүргөн жаран кармалды. Ал колго түшүрүү учурунда каршылык көрсөткөндүктөн күч колдонулду дешет Ленин РИИБден.

Милициянын маалыматы боюнча, издөөдө жүргөн 1989-жылы туулган С.А. аттуу жаран 10-июнда саат 16:00 чамасында Кулиев жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жүргөндүгү кабарланган.

Кармоо учурунда шектүү активдүү каршылык көрсөтүп, милиция кызматкерлерине баш ийбегендигине байланыштуу ага физикалык күч колдонулду.

Аталган факты боюнча 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүу экспертизалар дайындалды. Тергөө кызматы тарабынан 1989-жылы туулган С.А. убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ленин РИИБден белгилешкендей, жогоруда аталган жаран 2022-жылы Кыргыз Республикасынын 104-беренеси (Жабырлануучунун өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү (эски редакция) боюнча жазасын өтөп жаткан жеринен колониядан качып кеткен.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16344