Канткенде күчтүү, көз карандысыз жана бактылуу кызды өстүрөбүз? Таржымалдар жана пикирлер
RU

Канткенде күчтүү, көз карандысыз жана бактылуу кызды өстүрөбүз? Таржымалдар жана пикирлер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын мыйзамдарында балдарга зомбулук көрсөткөндөр үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок эксперттер белгилегендей, бул кылмыштын алдын алуу эмес, жазалоо маселесин гана чечет. Ар бир ата-эне негативдүү жаңылыктарды окуган сайын баласын кантип коргойм деп ойлонору шексиз.

Биз зордук-зомбулукка өрткө мамиле кылгандай карайбыз. Жайылганда гана: "Ой, өлтүрүп салды. Камаш керек" деп чуркайбыз. Мамлекеттик органдар тарабынан да, аксакалдар, депутаттар тарабынан да эч кандай алдын алуу иштери жок. Бирок эмне үчүн жалпы бир программаны иштеп чыгып, акырындап ага өтүүгө болбойт?", – дейт Exclusive.kg сайтынын башкы редактору, эки баланын атасы Семетей Аманбеков.

Тилекке каршы, зордук-зомбулуктан эч ким корголгон эмес. Бирок тобокелдиктерди олуттуу кыскартууга мүмкүнчүлүк бар. Kaktus.media өзүнүн сценарийи (каалоосу) боюнча жашоосун кура турган көз карандысыз жана бактылуу аялзатын кантип чоңойтуу керектиги тууралуу психологдор, ийгиликтүү айымдар жана кыздардын аталары менен маек курду.

Макаладагы кеңештердин көбүн кыздарды да, балдарды да тарбиялоодо колдонсо болорун жана зарыл экенин белгилейбиз. Бирок биздин өлкөдө көбүнчө кыздар жана аялдар зордук-зомбулукка кабылгандыктан, биз аялзаты жөнүндө кеп кылабыз.

"Лидерлик сапаттар колду шилтеп койсо эле пайда боло калбайт, ал мүнөз менен, ал эми мүнөзүбүз бала кезден калыптанат. Мүнөздүн калыптанышына ата-энебиздин ролу абдан чоң жана жооптуу. Жашоодо эмнеге жетишсем, ошонун баарына ата-энемдин тарбиясы, колдоосу аркасында жеттим", - дейт депутат Аида Исатбек кызы.

Өзү күнөөлүү эмес

Зомбулукка билими, социалдык абалы бирдей эмес жана ар кандай курактагы адамдар туш болушат. Андан эч ким 100% корголбогонун түшүнүү маанилүү.

"Кыргызстандагы дээрлик бардык аялдар гендердик дискриминацияга дуушар болушат. Депутаттык мандатым бар экенине карабай мен да кабылам. Мисалы, жакында эле Министрлер Кабинетинин өкүлү мени "тетиги кыз" деп, экөөбүз тартыша кеткенбиз. Муну гендердик дискриминация катары бааласа болот. Анткени ал аткаминер эркек депутатка "тетиги бала" деп айтмак эмес", - дейт депутат Аида Исатбек кызы.

"Парламентке келгенге чейин ата-энеме бизнес жүргүзүүгө жардам бергем. Бизнесте жүргөндө мен дагы башка жетишкендиктерге татыктуу экенимди жана кандайдыр бир натыйжаларга жетише аларымды далилдеш керек болчу. Мындан улам башкаларга караганда көбүрөөк иштөөгө жана көбүрөөк салым кошууга туура келди. Менимче, азыр да парламентте бизге - аял депутаттарга эркек депутаттан кем калбай иштей турганын далилдеш үчүн көбүрөөк иштөө керектей. Жынысына байланыштуу аялдардын көбүрөөк күч-аракет жумшоосу бүгүнкү кырдаалдын ачуу чындыгы.

Маалымдама

Гендердик дискриминация - окшош эле кырдаалда жынысына карап бирөөгө начар мамиле жасалганда пайда болот. Теңсиз мамиленин эң көп жайылган себеби – адамды жана анын баалуулуктарын, жөндөмүн, тажрыйбасын көрүүгө тоскоол болгон бейкалыс көз караштар жана мамилелер.

Гендердик дискриминация көбүнчө аял же эркек кандай укуктарга же милдеттерге ээ болушу керек жана алар жашоодо кандай ролдорду аткарышы керек деген ойдон келип чыгат. Гендердик ролго байланыштуу мындай стереотиптик көз караштар мисалы, иш берүүчүлөргө, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеге, билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине жана башкаларга таасир этет.

Бирок көбүнчө балалыгы оор өткөн аялдар зордук-зомбулукка көпкө чыдашат. Анын үстүнө, аял көп учурда башынан өткөн окуяга өзүн күнөөлөөгө ийкемдүү келет. Анткени ага "кыз деген жакшы болушу керек", "чыдашы керек" деген сөздөрдү сиңирген.

"Ар бир муундун социалдык-тарыхый шартына жараша тарбия берүү ыкмасы болот. Кийинки эле мезгилдерде ата-эне кызды бактылуу жар, эне кылып өстүрүүгө умтулуп, ошол ролго ылайык келген сапаттарды сиңирүү аракетин көрүшкөн. Нике - аялдын ийгиликтүү болушунун бирден бир жолу болгон. Тил алчаак болуу, баш ийүү сыяктуу сапаттары жакшы кабыл алынган. Заманбап дүйнө аялга өзүнүн дараметин ишке ашыруунун жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн көптөгөн жолдорун сунуштайт", - дейт практик психолог Мария Самсонова.

Практик психолог, гештальт-терапевт Асел Баимбетова кээ бир үй-бүлөлөрдө кыздар менен балдарды тарбиялоодо ата-энелер ар башка мамиле жасаларына көңүл бурат.

"Айрыкча, көп кыздуу үй-бүлөдөгү эркек балдарга артыкчылык берилет. Андай бүлөдө эркек баланын милдеттерин эже, карындаштарынын мойнуна артып, үй жумуштарына аралаштырбайт. Ал эми айыл жергесиндеги мындай үй-бүлөнүн кыздары да багбанчылыкка аралашып, талаада иштеп, мал чарбачылыгына жардамдашат. Бул алардын ден соолугуна чоң таасирин тийгизет. Ата-энелердин уулдарына жана кыздарына жасаган мамилеси калыс болушу керек. Антпесе, теңсиз мамиле балдардын да, кыздардын да келечегине терс таасирин тийгизет. Балдар башкалар менен да, өзү менен да мамиле түзүүнү үйдөн үйрөнүшөт", - дейт психолог Асел Баимбетова.

Жеке тажрыйбадан алынган бир нече мисалдар

"Кызым менен ар кандай темада көп сүйлөшөбүз", - дейт Exclusive.kg сайтынын башкы редактору, эки баланын атасы Семетей Аманбеков. "Мен кызыма ата эле эмесмин, анын эң мыкты досумун. Кызымдын өзүнө, дүйнөгө болгон мамилеси биздин баарлашуубуздан, анын апасына жана өзүнө жасаган мамилемден калыптанат. Мен ар бир чет өлкөлүк сапарымдан ага белектерди алып келем, ага себепсиз гүл берем, аны кызыктырган нерселердин баарын талкуулайм, суроолоруна жооп берем. Бул ага атасынын сүйүктүү кызы деген сезимди эле эмес, келечекте анын канчалык маанилүү экенин түшүнүүгө жардам берет деп ишенем".

Тесттен өтүңүз

Балаңыздын аракеттерине кандай реакция кыласыз?
Жабуу

***

"Кызым кичинекей чагында аны менен мен көп убактымды өткөрдүм. Кызым менен көбүрөөк убакыт өткөргүм келгени үчүн гана эмес, анткени аялым окуп жаткан эле. Биз бир жактарга көп барчубуз, сейилдечүбүз", - деп эстейт психолог Виталий Пукаев. Учурда анын кызы 25 жашта. - Эгер ал "ата, мен бул колготкилерди кийбейм" десе, анда башкасын тандап, "Кызым, карачы, балким ушуларды кийерсиң? дечүмүн. 17-18 жашында ал: "Ата, мен жалгыз жашагым келет" деди. Бул сөзү мага катуу тийди, чынында жалгыз коё бергим келген жок. Бирок мен анын тандоосун кабыл алдым. Айтмакчы, ал үч күндөн кийин кайра кайтып келип, биз менен жашаган баары бир кызыктуураак экенин айтты. Бирок бул кадам ага өзүнүн чек арасын коргоого жакшы негиз болгон. Кызыңа "эми, мындан ары өзүңдүң чек араңа, өзүңдүн жеке пикириңди айтууңа укугуң бар" деп айта албайсың да. Мунун баары тынымсыз тарбиядан улам калыптанат. Башка балдарды адаттагыдай аракеттери үчүн катуу урушуп жатканда, мен эксперимент жасоого, башка нерселерди байкап көрүүгө уруксат бергем".

***

"Ата-энелердин ар биринин өздөрүнүн ролу бар, бул жагынан менин ата-энем бири-бирине төп келишчү. Атам биздин аракеттерибизди кубаттаса, апам баштаган ишибизди аягына чыгарганга жардам берчү. Атам дайыма дем берип: "Жасагандан коркпо! Баары ойдогудай болот" дечү. Ал эми апам тартипти катуу кармачу жана кайталагандан тажачу эмес: "Ишти баштаган соң аны мыкты деңгээлде аткаруу керек" дечү. Жашоодогу кээ бир майда-чүйдө иштерди да 5+ менен аткарыш керек деп эсептечү", - дейт депутат Аида Исатбек кызы.

Сөз менен эле эмес, иш менен да көрсөтүү

Баарыбыз балалык чактан өткөнбүз. Ошондуктан адамга бала кезинен эле коопсуздук сезимди камсыздоо зарыл.

"Балаңыздын бактылуу болушун каалайсызбы? Анда өзүңүзгө кам көргөндү, өзүңүз бактылуу болгонду үйрөнүңүз. Атасы апасына, апасы атасына кандай мамиле кылганына карап, бала өзүнүн биринчи мамиле моделин курат. Апасы - кыз тааныган биринчи аял. Эне өзүн сүйүп, өзүнө кам көрүүнү билсе, мындай өзүн-өзү кабыл алуу жөндөмдөрүн кыз апасынан үйрөнөт.

Атасы - бул коргоочу жана таянычы, эгерде үй-бүлөдөгү эркек аялына жана кызына камкор жана жумшак мамиле кылса, ал эми апасы ага сүйүү жана урмат-сый менен мамиле жасаса - бул болочок аялга дени сак мамиленин моделин түзүүгө жардам бере турган пайдубал болуп саналат.

Өсүп келе жаткан кыз үчүн мисалы, атасынын ага кандай мамиле кылганы эле эмес, атасынын апасы менен болгон мамилеси, апасынын айткандары гана эмес, апасынын өзүнө жана эркектерге жасаган мамилеси да мааниге ээ. Бала айтылган маалыматты гана эмес, айтылбаган маалыматты да кабылдап, өзүнө сиңирип алат. Бактылуу кызды тарбиялоо үчүн адам өзү бактылуу болгонду, үй-бүлөдө жана коомдо гармониялуу мамилелерди түзүүнү үйрөнүү абдан маанилүү", - дейт психолог Мария Самсонова.

Тесттен өтүңүз

Гештальт-терапевт Асел Баимбетова дагы бир нерсени эске салат: "Эгерде үй-бүлөдө зомбулук болсо, мисалы, эркек аялын сабаса, анда алардын балдары келечекте мындай мамиле стилин сиңирип алышат. Мындай үй-бүлөлөрдүн кыздары психологиялык өзгөчөлүктөрүнө карап атасына окшош зордукчулдарды күйөө катары тандашы мүмкүн. Балдар апасына окшош, моюн сунган, кыңк этпеген кыздарды тандап, атасы апасына жасагандай мамилени кайталашат.

"Үй-бүлөдөгү жакшы, сый мамилелер сиздин өзүңүздүн бактыңыз жана балдарыңыздын бактылуу балалыгы үчүн гана эмес, алардын келечеги үчүн да маанилүү. Ата-энелер бири-бири, жана балдары менен сый мамиле түзүүнү үйрөнүшү керек, бул келечекте балдарга үлгү болот. Үй-бүлө белгилүү бир психологиялык мыйзамдарга ылайык жашагандыктан, бир жолу эмес, туруктуу негизде үйрөнүү зарыл. Үй-бүлө мүчөлөрүнүн баары өзгөрөт: бирөө чоңоёт, дагы бири карыйт, балдар төрөлөт, бизди курчап турган дүйнө өзгөрөт, мунун баары үй-бүлөгө таасир берет. Башкача айтканда, бизди курчап турган дүйнөдө да, үй-бүлөнүн өзүндө да өзгөрүүлөр такай болуп турат. Андыктан мамилелерди өзгөртүп, жакшыртып, өнүктүрүп, ошону менен балдардын мамилесин, мүнөзүн, ишенимин бекемдеп, толук кандуу, гармониялуу жашоого даярдоо керек", - дейт Асел Баимбетова.

Ката кетирүү укугу

Көбүнчө барар жери жок аялдар зордук-зомбулукка чыдашат. Туугандары "турмушка чыктыңбы, демек чыдаш керек" деп эсептешет. Алар кызды кабыл алууга даяр эмес.

"Мен жакшы үй-бүлөдө чоңойдум, мага бакыт тилеген ата-энем болгон жана азыр да бар. Бирок алар мектепти аяктаганда канатымды кыркышты. Алдыдагы жашоомо чоң пландарым бар болчу. Билим алып, иштейин деп жаткам. Мектепти бир эле 4 менен бүтүргөм, үлгүлүү окуучу элем. Бирок окууну бүтөрүм менен мени ала качып кетишти. Ата-энем коомчулуктун пикирине жана "Эл эмне дейт?" деген көз карашка таянып, менин отурбай кетип калуума уруксат беришкен жок. Ошентип мен чоочун адам менен жашап калдым. Убакыттын өтүшү менен баары оңолуп, сырттан караганда биз бактылуудай көрүнчүбүз. Балким, чын эле ошондой чыгар, бирок жашоом мен ойлогондой болбой калганына ичим ачышып жатты.

Балдарым үчүн, өзгөчө кыздарым үчүн мен таптакыр башка энемин. Мен үчүн алардын каалоолору, кызыкчылыктары биринчи орунда турганын билишет. Жашоодо ар кандай учурлар болушу мүмкүн, бирок ар бир адам жакындарынын сүйүүсүн сезип, алар сени кабыл аларын билиши керек", - дейт 41 жаштагы Жыпара (аты өзгөртүлдү).

Маалымдама

"Ала качуу (никеге туруу максатында кызды уурдоо) - никеге турууга мажбурлоо болуп эсептелет. Никелешүүгө мажбурлоо жана никени бузбай, андан ары улантууга мажбурлоо - КР Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренесинде каралган 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат. Кызды ала качуу же никелешүүгө мажбурлоо Кыргызстандын маданиятына жана каада-салттарына эч кандай тиешеси жок жана калктын аялуу катмарынын укуктарын бузат", - деп эскертет ИИМдин басма сөз кызматы.

"Казакстандагы Салтанат Нукенованын кайгылуу окуясынан кийин кызды сүйүү менен гана өстүрүү жетишсиз экенин түшүндүм. Үйүңдүн дубалынын сыртындагы дүйнө башкача. Кызга аны ар дайым кабыл алуу, колдоо түшүнүгүн берүү абдан маанилүү", - дейт Семетей Аманбеков. "Зордук-зомбулук кылган адам аны кайра жасай турганын кыз билиши керек. Зордук-зомбулукка түшүндүрмө издөөнүн кереги жок. Эл аны мас болгон же катуу жинденип уруп койгон деп ойлошот. Бирок кийинки жолу бул "башка себеп менен" кайталанат. Колун көтөрдү - демек потенциалдуу кылмышкер. Мындай адамдан кетип, андан алыс болуш керек.

Буга чейин укук коргоо органдарында иштегем. Мен өзүмдүн тажрыйбамдан билем, эркектер канчалык мактанууга жана күчтүү экенин көрсөтүүгө аракет кылбасын, ырасында андай эмес. Чынында алар коркок. Алар күчтүү, көз карандысыз аялдардан коркушат. Кызды күчтүү, көз карандысыз жана эркин чоңойтуу анын бактысы үчүн гана эмес, анын коопсуздугу үчүн да зарыл".

Маалымдама

Казакстандын улуттук экономикасынын экс-министри Куандык Бишимбаев аялы Салтанат Нукенованы өлтүргөн. Бул кылмыш ишинен улам Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев үй-бүлөлүк зомбулук үчүн жазаны катаалдаткан мыйзамга кол койду. Бул мыйзам эл арасында "Салтанат мыйзамы" деп айтылып калды. Кыргызстанда дагы ушундай аракеттерди көрүү керек деген маселе көтөрүлдү.

"Кызымдан "Ата, мен сезди акшы көрөм" деген сөздү угуу жылуу сезим тартуулайт. Анын мени жакшы көрөм деген сөздөрү мен үчүн чоң мааниге ээ. Ал да мен аны жакшы көрөрүмдү жана анын каалаган тандоосун кабыл аларымды билет. Турмушка чыгардын алдында өзүнө да, күйөө балама да кызым ажырашкысы келсе, аны кабыл аларымды айткам. Биздин коомдо ата-энелер кыздарынын ажырашуусун кабыл албай койгондо кыздын жашоого укугу жок болуп чыгат. Мен ажырашууну колдобойм. Бирок кызымдын мындай тандоосун кабыл алам. Мен үчүн анын тандоосу маанилүү. Мен үчүн анын пикири маанилүү", - деп баса белгиледи Виталий Пукаев.

Баарыбыз бирге

Албетте, бала тарбиялоо биринчи кезекте ата-эненин жоопкерчилиги. Бирок бир гана алардын колунан эч нерсе келбейт.

Семетей Аманбеков зомбулукка каршы концепция менен стратегияны иштеп чыгууга чакырат.

"Мына биз, журналисттер сексуалдык билим темасы боюнча тынымсыз коңгуроо кагып келебиз. Коомдун бир бөлүгү мунун маңызын такыр түшүнбөй эле батыштын үлгүсү жана салттуу эмес баалуулуктарды жайылтуу деп атап, каршы болуп келишет. А бирок бүткүл прогрессивдүү дүйнө буга чейин эле кадам таштаган. Баланы тарбиялоого биз эле эмес, мугалимдер, психологдор да катышышы керек. Анткени биз ата-энебиз, мугалим эмеспиз. Макул, кесибине байланыштуу сексуалдык зордук-зомбулук боюнча белгилүү бир тажрыйбасы жана билими бар адамдар балдарына маалымат бере алышат. Ал эми бул теманы кантип козгоону билбеген же эч качан мындай көйгөйлөргө туш болбогон ата-энелердин балдары эмне болот? Андай ата-энелер балдары менен бул маселени сүйлөшүү маанилүү экенин түшүнбөшү мүмкүн. Алар: "Мунун эмнесин айтыш керек? Бул ансыз деле жаман нерсе экени түшүнүктүү болуп жатпайбы" деп ойлошу мүмкүн".

Ошондуктан бул комплекстүү иш болушу керек. Мамлекет аткара турган иштердин бири – мектептерде жыныстык тарбия берүү, окуучуларга зордук-зомбулук кандай белгилер менен аныкталарын, мисалы, жүрүм-турумдун кандай формалары жана зордукчунун алгачкы белгилери кандай болору жана башка ушул сыяктуулар түшүндүрүлүшү абзел. Илимий мамиле керек. Ошондуктан мамлекет мындай кадамга барышы керек деп ойлойм. Эгер андай кадамга барбаса, анда бул милдет ата-эненин мойнуна жүктөлөт.

Бул мамлекет гана жасай ала турган эбегейсиз чоң иш, бирок ага жогору жактагы жетекчилердин эрки керек", - дейт Семетей Аманбеков.

Психологдордун сунуштары. Кыскача

  • Кыз сезимдерин жана ойлорун айтууда жаман көрүнүп же жазаланып калам деп коркпошу үчүн аны менен жылуу жана колдоо мамилесин түзүңүз.
  • Чогуу убакыт өткөрүү, кызыктуу темаларды талкуулоо жана оор кырдаалдарда ага колдоо көрсөтүү аркылуу анын жашоосуна катышыңыз.
  • Кызыңыздын максаттарына жана кыялдарына жетүүсүнө колдоо көрсөтүү менен анын хоббилерине жана кызыкчылыктарына дем бериңиз.
  • Кызыңызга эмоцияларын, муктаждыктарын жана каалоолорун түшүнүүгө жардам бериңиз. Бул ага өз мейкиндигин билүүгө жардам бере алат.
  • "Жок" деп айтканды бала кезинен үйрөтүү керек. Кызыңызга ыңгайсыз болгон учурда же жагымсыз сезимдер жаралганда жок деп айтуунун ишенимдүү жана сылык жолун табууга жардам бериңиз.
  • Башкаларга жагымсыз көрүнсө да кызыңыз өз мейкиндигин коргоп жатканда ага колдоо көрсөтүү абдан маанилүү. Анын инсандыгына жана коопсуздугуна болгон укугун ар дайым колдой турганыңызды ага билдирип туруңуз.
  • Бала айтылган жана айтылбаган маалыматты да сиңирет. Андыктан, өзүңүз бактылуу болууга аракет кылып, үй-бүлөдө жана коомдо жагымдуу, шайкеш мамилелерди түзүүгө аракет кылыңыз.

Бул макала АКШ Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен даярдалды. Kaktus.kg маалыматтын мазмуну үчүн жооптуу, ал USAIDдин же АКШ өкмөтүнүн көз карашын чагылдырбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16366