Сот активист Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп тапты
RU

Сот активист Өндүрүш Токтонасыровду күнөөлүү деп тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 19-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда активист Өндүрүш Токтонасыровдун иши боюнча соттук отурум өттү. Бул иш боюнча чечим кабыл алынды.

Белгилесек, Өндүрүш Токтонасыров КР Кылмыш-жаза кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний, аймактар ​​аралык кастыкты (жарашты) козутуу" беренеси боюнча айыпталууда. Прокурор аны үч жылга эркинен ажыратууну суранган.

Сот залында Токтонасыров күнөөсүн моюнга алган жок. Судья Илязбек Тажыбаев Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды.

Токтонасыров соттун өкүмү менен макул эместигин жана даттанарын билдирди.

"Кечээ прокурорлор үч жылга эркинен ажыратууну суранып, сот айып пул салды, бул дагы бир жолу биздин соттордун көз карандысыз эместигин, менин оозумду жабуу үчүн жасалганын далилдеди", - деди активист.

Эске салсак, 2023-жылдын июнь айынын аягында Өндүрүш Токтонасыровго Фейсбуктагы билдирүүсүнөн улам кылмыш иши козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16404