Бишкекте жарнама такталарын алуу иштери башталды. Сүрөт
RU

Бишкекте жарнама такталарын алуу иштери башталды. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эски көрнөк-жарнактар алуу иштери башталды. Борбор калаа башкармалыгынан кабарлашкандай, жарнама такталарынын ордуна LED экрандар коюлат.

Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен "Тазалык" ишканасы Октябрь районундагы көрнөк-жарнактарды демонтаждоо иштерин баштады. Анда эски металл конструкциялар LED экрандарга алмаштырылат.

"Тургундарга ыңгайсыздыктарды азайтуу үчүн мыйзамсыз курулуштарды демонтаждоо иштери ыкчам жүргүзүлүүдө. Жарнамалык структураларды жаңылоо - Бишкекти заманбап жана ыңгайлуу борборго айландыруунун дагы бир кадамы" , - дешет мэриядан.

Белгилесек, 18-июнда президент Садыр Жапаров Бишкек мэриясына шаардагы эски көрнөк-жарнактарды толугу менен алып, ордуна LED-экрандарды коюуну тапшырган.

Эртеси Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыктын башчысына шаардын айланасындагы бардык көрнөк-жарнамаларды алуу жана аларды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырган. Ал эми Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине жарнама такталарынан LED экрандарга өтүү боюнча бардык зарыл иштерди жүргүзүү милдетин койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16416