УКМК: Мыйзамсыз иштеген диний лагер аныкталды
RU

УКМК: Мыйзамсыз иштеген диний лагер аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан мыйзамсыз иштеген кыздардын диний лагери аныкталды. Комитеттин маалыматында аталган лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар тарбияланган деп айтылат маалыматта.

"Мариям" аталышындагы диний лагерь каттоосу жок иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган. Текшерүү учурунда лагерде 9 жаштан 18 жашка чейинки кыздар үчүн "Тажвид", намаз окуу, дуба айтуу, ошондой эле балдарды диний жактан тарбиялоо сабактары жүргүзүлгөн. Лагерди 1970-жылы туулган Баткен облусунун тургуну негиздегени такталды.

Комиссиялык текшерүүнүн жүрүшүндө өрт коопсуздугунун, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын, билим берүү программаларынын жол-жобосу сакталбагандыгы, ошондой эле, диний лагердин окутуучулары менен тарбиячыларынын педагогикалык жана диний билими жок экендиги аныкталды", - дешти комитеттен.

Аныкталган кемчиликтер жоюлганга чейин лагердин иши токтотулду. Учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16431