Таласта "Сакура көпүрөсү" ачылды
RU

Таласта "Сакура көпүрөсү" ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас облусунун Талас-Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясындагы жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, салтанаттуу ачылышка Акылбек Жапаров видеоконференция аркылуу катышты.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө бул долбоорду колдоп жаткан Япония өкмөтүнө ыраазычылык билдирип, жаңы көпүрөнүн курулушу эки өлкөнүн жемиштүү кызматташтыгынын жаркын мисалы экенин айтты.

"Бул көпүрөнүн ачылышы жөн гана инфраструктуралык долбоор эмес, бул биздин өлкөлөр ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын символу. Биз Япониянын Кыргызстандын өнүгүүсүнө көрсөткөн колдоосун жогору баалайбыз жана бул көпүрө көп жылдар бою элибиздин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылат деп ишенебиз", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы "бул көпүрө эки өлкөнүн достугунун символу болуп каларын" кошумчалап, "Сакура көпүрөсү" деп атоо демилгесин чоң кубаныч менен колдогонун белгиледи.

Белгилей кетсек, узундугу 90,5 метр болгон көпүрөнүн курулушу 2021-жылы башталган. Көпүрөнүн узундугу мурдагыга караганда 3 эсеге узартылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16444