Депутаттар Улуттук банктын төрагасын мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууну жактырышты
RU

Депутаттар Улуттук банктын төрагасын мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууну жактырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карашты.

Аталган маселе боюнча президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Кубанычбек Бөкөнтаевди Улуттук банктын төрагасы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотту.

Белгилесек, Кубанычбек Бөкөнтаев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук банктын төрагалыгынан кетип жатканы маалым болгон. Ал бул кызматка 2021-жылдын сентябрында дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16457