Манжасын эт туурагычка алдырган кыздын абалы айтылды
RU

Манжасын эт туурагычка алдырган кыздын абалы айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Инжир" кафесинин ашканасында колун эт туурагычка кесип, оор жаракат алган 17 жаштагы кыздын абалы орто оордукта. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Улуттук госпиталдан билдиришти.

"Бүгүн, 8-июлга карата бейтаптын кан басымы, дене табы нормалдуу. Күн сайын жарааты тазаланып, кайра таңылат. Манжалары шишик болуп, кызарып турат. Ал эми психологиялык абалы анча эмес. Болуп өткөн окуяны кабыл алууга убакыт керек", - дешет госпиталдан.

Мекеменин маалыматы боюнча, 17 жаштагы бейтап 26-июнда оң колдун оор жаракаты, тагыраагы, үчүнчү жана төртүнчү манжалардын терең жабыркашы жана экинчи, бешинчи манжалардын, манжа тарамыштарынын, нервдеринин, кан тамырларынын толук эмес травмасы деген диагноз менен түшкөн. Ал көп кан жоготкон.

Бейтап колун эт туурагычтан чыгара алган эмес, мындан улам ооруканага эт туурагычка тыгылып калган колу менен жеткирилген. Оң колунун функциясы бузулган.

Ага чукул операция жасалып, сөөмөйү реплантация (мүчөнүн үзүлүп же ажырап калган бөлүгүн хирургиялык жол менен кайра туташтыруу) болгон. III, IV манжалары ампутация болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: ru.freepik.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16546