Ноокат району боюнча шайлоодо Бакытбек Марипов жеңүүчү деп табылды
RU

Ноокат району боюнча шайлоодо Бакытбек Марипов жеңүүчү деп табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июлда Ноокат шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыгын аныктады.

Аталган округдагы шайлоочулардын тизмесине 91057 адам киргизилип, добуш берүүгө 25701 шайлоочу катышкан.

Ноокат шайлоо округу боюнча кезексиз шайлоодо 14 киши талапкер болгон.

Депутаттыкка талапкерлер тобунан келип түшкөн арыздын негизинде Борбордук шайлоо комиссиясы беш шайлоо участогунда добуштарды кайра саноо чечимин кабыл алып, жыйынтыгында аталган участкалар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы өзгөргөн жок.

Ноокат райондук шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде укук коргоо органдарынын маалыматын эске алуу менен Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

  • Ноокат бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү деп табылсын;
  • Марипов Бакытбек Асамидинович Жогорку Кеңешти депутаты деп таанылсын.

Белгилесек, бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 30-июнда өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16557