Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 15-июлда башталат
RU

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу 15-июлда башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2024-2025-окуу жылына карата Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 15-июлда башталат. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу беш тур менен жүргүзүлөт.

ЖРТнын электрондук талону менен өтүнмө берүү:

  • I тур – 15-июль 17-июль саат 14:00гө чейин;
  • II тур – 22-июль 24-июль саат 14:00гө чейин;
  • III тур – 29-июль 31-июль саат 14:00гө чейин;
  • IV тур – 5-август 7-август саат 14:00гө чейин;
  • V тур – 12-август 14-август саат 14:00гө чейин.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди "Абитуриент онлайн" электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.

Белгилесек, жогорку окуу жайларга гранттык жана конракттык негизде окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16558