Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрүчүлөрдүн тизмеси
RU

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрүчүлөрдүн тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Быйыл V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстандын көк бөрү жана жер улак командаларына кирген спортчулардын тизмеси түзүлдү. Көк бөрү федерациясы жалпысынан улуттук курама командага 18 оюнчу киргенин билдирди.

Федерациядан маалымдашкандай, бул чечим Астана шаарында өтө турган көчмөндөр оюндарында бир оюнчу көк бөрүгө да, жер улакка да чыгууга укугу бар экендиги маалым болгондон кийин кабыл алынды.

Окуу-машыгуу учурунда өзүн мыкты деңгээлде көрсөткөн алты оюнчуга эки спорттун түрүнө тең катышууга мүмкүнчүлүк берилет. Ушундан улам Көк бөрү федерациясы көк бөрү жана жер улак боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасына төмөндөгү оюнчулар киргенин маалымдайт:

  • Жолдошбек Орозбаев
  • Манас Ниязов
  • Дастан Сагынбек уулу
  • Эрлан Төлөбеков
  • Дастан Русланов
  • Рустам Тыналиев
  • Фархат Бейшекеев
  • Ильяз Исаков
  • Кубаныч Султан уулу
  • Кушчубай Илис уулу
  • Исхак Бекболот уулу
  • Нооруз Раатбек уулу
  • Өмүрбек Эсен уулу
  • Нуржан Мелисбек уулу
  • Нурдин Болотбеков
  • Эмирлан Жеңишбеков
  • Майрамбек Рыспеков
  • Баяман Муралим уулу

Маалым болгондой, улуттук курама командага тандалган оюнчулар учурда Ысык-Көл облусунда окуу-машыгуу этабын баштады. Команда сентябрь айынын башында улуттук курамага тандалып алынган аттар, саяпкер, машыктыруучу жана жетекчилердин коштоосунда Астана шаарына барышат.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-13-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16559