Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?
RU

Өспүрүм депрессияга туш болгонун кантип таанып жана жардам берсе болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери белгилегендей, өспүрүм курак - инсандын калыптанышын аныктоочу мезгил болуп саналат. Бул мезгилде бала ар кандай психикалык бузулууларга, анын ичинде депрессияга кабылат. ДСУнун маалыматы боюнча, бул өспүрүмдөр арасындагы оорунун жана майыптуулуктун негизги себептеринин бири. Депрессияны кантип таануу керек? Балада анын белгилерин байкаганда, эмне кылуу зарыл? Бул тууралуу Kaktus.media Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Тинатин Сагымбаева менен маектешти.

- Эмне үчүн өспүрүм куракта психикалык саламаттыкка көңүл буруу маанилүү?

- Биз ар дайым айтып келебиз, өспүрүм курак – бул психоактивдүү заттарды колдонуу менен гана эмес, принципиалдуу түрдө ар бир адам менен байланышкан психикалык жана жүрүм-турумдук бузулуулар үчүн коркунучтуу курак. Мээнин физиологиясынан жана анатомиясынан баштасак. Мээ жана анын функциялары акырындык менен өнүгөт.

30-40 жаштагы чоң адамдын мээси менен өспүрүмдүн мээси эки башка нерсе. Анткени алдын ала ойлонуу, тобокелдиктерди баалоо жана пландаштыруу - 25 жашта өзүнүн өнүгүшүн аяктай турган префронталдык кыртыш болуп саналат.

Ал эми кооптуу жүрүм-турумга, өз чектерин түшүнүүгө жана башкаларга жооптуу болгон мээнин башка бөлүктөрү жыныстык жетилүү учурунда - 13-14 жашта өнүгө баштайт.

Ошондуктан бул нерсени түшүнүү керек: көбүнчө өспүрүмдөрдүн жүрүм-туруму мүнөзү менен эмес, мээнин физиологиясы менен аныкталат. Мээнин бир системасы экинчисинен үстөмдүк кылышынын өзү (лимбикалык система префронталдык кыртыштан үстөмдүк кылат) алардын депрессияга, көз карандылыкка жакын экенин жана кылмыштын кандайдыр бир түрүнө оңой тартыларын көрсөтүп турат, анткени өспүрүмдөр өздөрүнүн чектерин аныктоого аракеттенишет.

"Дени сак өспүрүмдү өнүктүрүү же жыныстык жетилүүдөн кантип аман калуу керек" деген казак колдонмосунан:

"Ата-энелер, сураныч, угуп койгулачы! Өспүрүмдөр акылга сыйбаган иштерди жасап, ар дайыма эле туура чечим чыгара беришпейт, анткени алардын мээси чоңдордон айырмаланып башкача иштейт жана алардын жөн гана белгилүү бир функцияларды аткарууга физикалык мүмкүнчүлүктөрү жок. Албетте, ар кандай өспүрүмдөрдө ар кандай аракеттерди жасашат, ошентсе дагы, алардын мээсинин префронталдык кыртышы жеткиле элек болот.

Мээге жасалган изилдөөлөр мээ структураларынын синхрондуу өнүгүүсүндөгү (префронталдык кыртыш жана лимбикалык система) дал келбестикти көрсөткөн. Өспүрүм куракта мээ өнүгүүсүндө терең өзгөрүүлөргө дуушар болот, натыйжада өспүрүмдөрдүн коркунучтуу жүрүм-турумун жана теңтуштарынын жана жалпысынан коомдун таасирине болгон жогорку ийкемдүүлүгүн түшүндүрөт.

Мындан тышкары, кээ бир мүнөздөмөлөрдүн өнүгүшүнө тамак-аш жана уйку сыяктуу физиологиялык муктаждыктарды канааттандыруу чоң таасирин тийгизет. Өспүрүмдөр кеч уктап, кеч ойгонушат. Алардын циркадиялык ритмдери бир аз өзгөрөт, бул алардын маанайын да бузушу мүмкүн.

Өспүрүмдөр азырынча мындай кырдаалга туура баалай алышпайт. Алар көйгөйдүн масштабына адекваттуу баа бере алышпайт.

Биздин практикада бир окуя болгон: баласынын электрондук тамеки чегип жатканын апасы билип калат, анан бала коркуп, өз жанын кыят. Чоң адам муну сөз менен чече турган кичинекей жагдай катары кабыл алмак. Бирок бала болгон окуяга минтип баа бере албайт.

Ата-эне бала менен сүйлөшкөндө же аны урушканда, алар ар бир сөз баланын кийинки кабылдоосуна жана кырдаалды баалоосуна терс таасирин тийгизерин түшүнүшү керек.

Башкача айтканда, адекваттуу баалоо жок. Ар дайым тобокелчиликке барууга, өзүнүн жана башкалардын чектерин билүү каалоосу бар.

Өспүрүмдөр кесепеттер тууралуу түшүнүшпөйт. Мисалы, биз минтип айтсак: "Өзүңдү жакшы сезиш үчүн туура тамактанып, өз убагында уктооң керек. Бул сыяктуу заттарды колдонуунун кереги жок, өзүңдү жаман сезишиң мүмкүн." Бала сөздөрдүн маанисин түшүнөт, бирок өзүнүн аракеттеринин кесепеттерин түшүнбөйт. Ал тургай, өспүрүмдөн муну күтпөй эле коюш керек.

Мен ар бир адам жөнүндө айткан жокмун, анткени дагы көп нерсе мүнөздүн түрүнө, инсандын акцентуациясына жараша болот (клиникалык норманын чегинде болгон өзгөчөлүк, мында жеке сапаттар ашыкча күчөйт).

Өспүрүм менен баарлашуу жана байланыш, болжол менен айтканда, анын жеке радикалынын түрүнөн башталышы керек. Бул жерде маалымдуулук абдан маанилүү. Тилекке каршы, бизде азыр далилдер менен коштолбогон чоң көлөмдөгү маалымат бар. Бирок, эгер биз ар бир адамга адамдын жүрүм-турумунун түрлөрү, инсандык акцентуациялар ж.б.у.с. жөнүндө маалымат бере алсак, ата-энелер алардын кандай баласы бар экенин түшүнө алышмак.

Айталы, кээ бир жагынан ачык-айкын истериоддук радикал менен сүйлөшүү бир топ жеңил, анткени анын коммуникациялык жөндөмдөрү бар, ал көңүл бурдурууга умтулат, ал үчүн айланасындагы адамдардын баалоосу маанилүү жана кээ бир маселелерде ага таасир этиш оңоцй

Эгерде биз шизоиддик акцентуация жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда булар бала кезинен бери бир топ жабык адамдар, мындай балдардын спецификалык кызыкчылыктары бар, алар тышкы дүйнө менен байланышпайт, алар башка бирөөнүн баасына муктаж эмес, аларда нерселердин өз алдынча түшүнүгү бар, алар абдан сезимтал, ошондуктан алар сүйлөшүүнүн такыр башка түрүн талап кылат.

5 жашка чейин калыптанган бардык жеке мүнөздөмөлөрү кандай болгон күндө да кала берет, муну сиз гана оңдой аласыз. Бардык каталар пубертаттык куракта пайда боло баштайт. Ошондуктан, өспүрүмдөр тобокелдик тобунун бир түрү болуп саналат.

- Ата-энелер көңүл бурушу керек болгон депрессиянын негизги белгилерин жана жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөрдү айтып берсеңиз?

- Депрессия – бул патологиялык жактан төмөн маанай. Ал симптомдордун жана кошумча симптомдордун классикалык үчилтигине ээ. Биринчи симптомдору - жок эле дегенде, эки жума бою депрессиялык маанайда болуусу. 3-5 күн - бул жөн гана стресстин кандайдыр бир тышкы таасири болушу мүмкүн, убакыттын өтүшү менен ал өзүнөн-өзү жок болот.

Андан киийн ангедония - мурда кызыктуу болгон нерсеге болгон кызыгууну жоготуу. Мисалы, балаңыз музыка ойногонду, көп сүрөт тартканды жана окуганды жакшы көрчү. Эми ага кызыкпай калганын түшүнөсүз. Мурда жасаган иштерин жасоого болгон каалоосу жоголот. Анда апатия, анергия (активдүү болуу жөндөмүнүн төмөндөшү же жоготуусу) бар. Ал үчүн эртең менен ойгонгондон баштап кээ бир үй жумуштарын жасоо кыйындап калганын же бала дайыма чарчап жүргөнү байкай аласыз.

Депрессиянын эң жакшы белгиси – бул жеке гигиенаны сактоодо, өзүнө карата жүрүм-турумдун өзгөрүшү. Адам өзүнө кам көрүүнү токтотот. Мисалы, ал үчүн көнүгүү жасоо, үй жыйноо жана тиштерин тазалоо бирдей эле даражадагы оор иштерге айланат.

Эгерде депрессиянын кошумча белгилери жөнүндө сөз кыла турган болсок, анда биринчиси - көңүлдү бир жерге топтоонун төмөндөшү. Бала узак убакыт бою кандайдыр бир иш-аракеттерди жасай албай калганын байкайсыз. Бирок, бул жерде баланын негизги жүрүм-турумуна байкоо жүргүзүү зарыл. Эгерде ал, негизинен, гиперактивдүү болсо, көңүл топтоо мындай балага мүнөздүү эмес. Бул жерде кадимки нормадан кандайдыр бир четтөө бар болгон гана, көңүл буруу керек.

Дүйнөгө пессимисттик баа берүү жана өзүн-өзү сыйлоонун төмөндөшү да байкалат, эгерде бала: "Мен өзүмдү жактырбайм" десе, ал өзү жөнүндө бир нерсени жактырбайт.

Дисморфофобия (башка адамдар үчүн көрүнбөгөн же дээрлик байкалбаган сырткы келбеттиндеги ойдон чыгарылган кемчилик менен алек болуу) бардык өспүрүмдөрдө кеңири таралган көрүнүш. Бул дээрлик ар бир адам жашоосунун кайсы бир этабында башынан өткөрө турнан нерсе. Бирок депрессияда өзүн-өзү баалоосунун төмөндөшү жеке адам катары сапатына тиешелүү аракеттер менен мүнөздөлөт: "Мен йигиликсиз адаммын, менин колуман эч нерсе келбейт, менин досторум жок, мен эч нерсени каалабайм".

Дагы бир белги - уйкунун өзгөрүшү. Классикалык көрүнүштө биз эрте ойгонууну көрө алабаыз. Бала мектепке 7де туруш керек болсо, ал эртең менен саат 5те ойгонот, канчалык чарчаса да кайра уктай албайт.

Депрессияда дене салмагынын төмөндөшү байкалат. Классикалык түрдө бул акыркы төрт жуманын ичинде 5% түзөт. Баланын тамактанбай калганын, арыктап кеткенин байкайсыз. Айтайын дегеним, бул жерде биз анын кадимки нормасынан да эске алышыбыз керек, айталы, бала адатта бир аз уктачу, эми көп уктай баштайт, же аз жечү, эми көп жей баштайт. Башкача айтканда, салмактын термелүүсү эскертүү белгиси болуп саналат.

Депрессия - маанайдын жоктугу гана эмес экенин түшүнүү керек. Мисалы, тынчсызданган, сезимтал бала же башкалардын баалоосуна көз каранды болгон бала анын эмоционалдык тынчсыздануусун адамдарга байкатпаганга аракет кылат. Бирок, ошол эле учурда, соматикалык жана физиологиялык абалы депрессияны көрсөтөт.

Эгер организм жөнүндө сөз кылсак, анда теринин түсү өзгөрүшү, кургак тери , чачтын түшүшү, тырмактардын ​​морт болушу, ич катуу - депрессиянын ачык белгилеринин бири.

Эң негизги белги – суицид жөнүндө ойлор.

Адамдар: "Ал жөн эле сүйлөп жатат, коркутуп жатат, манипуляциялоодо ..." деп ойлошот, бирок, ошентсе да, мындай ойлордун пайда болушу баланын кандайдыр бир көйгөйү бар экенин көрсөтүп турат. Ал эми бала, айталы, манипуляция кылууга аракет кылса да, ага көңүл буруу керек, анын кандайдыр бир муктаждыктары бар дегенди билдирет.

Суицид коркунучу белгилүү бир критерийлер боюнча бааланат:

  • жөн гана ойлор;
  • пландаштыруу менен ойлор;
  • адам кайда, кантип, конкреттүү жана аны качан жасайт деген суроолорго жооп бере турган иш-аракетке толук даярдык.

Мындай белгилер болсо, ыкчам түрдө психологго, психотерапевтке, психиатрга кайрылуу керек. Көңүл кош мамиле кылган болбойт!

Баланын өз жанын кыюу жөнүндөгү сөздөрү анын көйгөйлөрү бар экенин айткысы келгени, эгер ага маани берилбесе, ал муну жасоого жана өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кыла алат. Башкача айтканда, демонстративдик аракет көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн жана бул кооптуу кесепеттерге алып келет.

- Депрессиянын өнүгүү механизми кандай?

- Биздин маанайыбыз эмнеден көз каранды? Бул нейротрансмиттерлер (нерв клеткалары (нейрондор) же нейрондор менен дененин башка клеткалары ортосунда сигналдарды өткөрүүчү химиялык заттар):

  • серотонин - кубаныч жана бакыт гормону;
  • дофамин - активдүүлүк жана мотивация гормону;
  • норадреналин - реакция гормону.

Негизинен серотонин жана дофамин жөнүндө сөз кылабыз. Эгерде бул гормондор организмде физиологиялык жактан азайса, алардын саны маанайды нормалдуу кармап турууга жетишсиз болот, айлана-чөйрө кандай сонун болбосун, физикалык жактан дени сак адам болбосун, ал адам кубанычты сезе албайт.

Серотонин деңгээлине эмне таасир этет? Эндогендик факторлор, кээ бир мүнөздөмөлөр, нерв системасынын түрлөрүнүн стресске, физиологиялык муктаждыктарга жетишсиздиги. Уйкунун жана тамактануунун бузулушу, тигил же бул жол менен организмге таасирин тийгизет, серотонин физикалык жактан төмөндөйт. Бул баналдуу угулса дагы, бирок муну колдоо керек.

Эгерде бейтап буга чейин клиникалык депрессияга кабылса, биз дары-дармек менен дарылоону сунуштайбыз, анткени жалгыз психотерапия жетишсиз болушу мүмкүн. Дарылар серотониндин концентрациясын жогорулатууга жана ошону менен маанайды жакшыртууга мүмкүндүк берет.

- Ата-энелер баласынан депрессиянын белгилерин байкап калды дейли. Сүйлөшүүнү жана жардам көрсөтүүнү эмнеден баштоо керек?

- Биринчиден, күнөөлөбөш керек. Эгерде бир нерсе өзгөргөнүн байкасаңыз, балага эч качан агрессивдүү мамиле кылбаңыз. Агрессияга каршылык көрсөтүү пайда болот.

Манипуляция, басым жасоо жана "сага баарыбыз беребиз, сенде баары бар, эмнеге мынчалык бактысызсың?", "сен ыраазы эмессиң", "биз бүт өмүрүбүздү сага арнадык" деген өңдүү сөздөрдү колдонуу пайдасыз.

Бул дагы бир патологиялык айлампаны башташы мүмкүн, анткени көбүнчө балдар, айрыкча депрессия менен ооругандар ар бир сөздү курч кабыл алышат, бардыгына чоң маани беришет. Ошондуктан, сүйлөп жатканда өтө этият болуу керек.

Ар дайым: "Өзүңүздү кандай сезип жатасың?" деген суроо менен кайрылып, күндөлүк эмес нерселерге кызыкканыңыз оң. Ата-энелер: ЦМен аны менен чогуу убакыт өткөрөм, мектепте кандай болгонун сурайм" деп айтышат, бирок бала муну кандай окуп жатканын эле сураган суроо катары кабыл алат.

Айыптабастан "Өзүңдү кандай сезип жатасың?" деген суроону берүү керек. Эгер балаңыздын жүрүм-турумуна капа болсоңуз, анда эч качан анда бир нерсе туура эмес экенин айтпаңыз. Кандайдыр бир психикалык бузулууларга карата эч кимди сындабай сүйлөөгө аракет кылуу керек. Башкача айтканда, анын маанайы жок болуп жатканына капа болгонуңузду айтыңыз. Мисалы: "Окууңдагы көрсөткүчтөр төмөндөп кетти. Сен экөөбүз эмне кылышыбыз керек?"

Депрессияга кабылган бала агрессияны көрсөтүшү мүмкүн. Ал өзүнүн чектерин коргойт, орой болушу мүмкүн, же өзүн бекитип , же байланышка чыкпайт. "Сен жамансың, ыраазы болбогон баласың, эмнеге ата-энең менен байланышкың келбейт" деп эмес, "сени менен сүйлөшө албаганыбызга капа болдум", "биздин сүйлшкөнүбүз өзгөрдү" деп айтуу керек. "Мен байланыш түзгүм келет, сүйлөшкүм келет". Фокусту өзгөртүү керек.

Дароо жыйынтык күтпөгүлө. Депрессияга кабылган адамдын дүйнөгө болгон коз карашы башкача калыптанып калганын түшүнүшүбүз керек. Аны өзгөртүү үчүн бир аз убакыт керек. Бир нерсени түшүнүшүңүз керек, балага жардам берейин деп жакындасаңыз, ал сизге биринчи жолу ачылбашы мүмкүн. Бул сизде агрессияны жаратышы мүмкүн. Муну эстен чыгарбаңыз, эгерде адамдын маанайы жок болсо, бул анын каалоосу же манипуляция эмес, бул анын көйгөйү бар экенин билдирет.

- Адистерге качан жана кантип жардам суроо керек?

- Эгерде биз буга чейин айткан алгачкы белгилерди байкаган болсоңуз, бул адиске кайрылуу үчүн жетиштүү. Суицид жөнүндө ойлор жардам издөөгө 100% себеп болот. Ал эми бул жерде медициналык билими бар адис керек - психиатр.

Депрессия диагнозун коюудан мурун соматикалык патологияны - эндокриндик патологияны, неврологиялык патологияны алып салуу маанилүү экендигин белгилегим келет. Өспүрүм курактагы өзгөрүүлөр жыныстык гормондордун көбөйүшүнө алып келет жана бул баланын жүрүм-турумуна таасирин тийгизет. Же, мисалы, пролактин деңгээлинин өзгөрүшү, анын ашыкча болушу жашык болууга, эмоционалдык туруксуздукка таасирин тийгизет, ошондой эле депрессиянын белгилери болуп көрүнөт. Жыйынтыгында депрессияга чалдыгат. Баланын физиологиялык абалын көзөмөлдөө абдан маанилүү болуп саналат. Эгерде ал башынан жаракат алса, анда кандайдыр бир өнөкөт диагнозу бар болсо, бул анын жүрүм-турумуна жана ошого жараша реакциянын түрүнө да таасирин тийгизет. Мисалы, бала чыр-чатакка жакын болот, анын айынан үй-бүлөдө көйгөйлөр жаралат.

Эч кандай шартта баланын физиологиялык абалын эстен чыгарбоо керек!

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун жашы жете электерге медициналык-психологиялык жардам көрсөтүү борборунун байланыш даректери: 0312 57 48 31, 0555 25 08 52, 0777 46 06 30. Иш убактысы: 09:00дөн 16:00гө чейин. Дем алыш күндөрү: ишемби, жекшемби.

- Баланы адиске көрсөтүүгө көндүрүү абдан кыйын. Кээ бирөөлөр алдаганга аракет кылышат, башка профилдеги дарыгерге кайрылабыз дегендей. Натыйжада баланын ишенимин жоготушат. Муну кантип туура жасоо керек?

- Мындай учурлар дайыма болуп турат. Мисалы, неврологго барабыз дешет. Же ата-энелер келип: "Баламды текшерип коюшуңарды каалайбыз" дешет. Алардын ою боюнча, дарыгер балага өзү барып, башка адамдай түр көрсөтүп, текшерүү жүргүзүшү керек. Ата-энелер баланын жооп бербей жатканын көрүп, абдан тынчсызданышат. Бул да узак иш. Алдоо эч качан ийгиликке алып келбей турганын белгилейм. Мамилеңерди жакшырткыңыз келет, бирок баланы алдайсыз. Сиз атаандаштык билдирүү бересиз. Ишенимде көйгөй сөзсүз болот.

Жалгыз вариант - системалуу түрдө бала менен ишенимдүү мамиле курууга аракет кылуу. Ага коопсуздукту көрсөтүү керек. Бала өзүнүн жүрүм-туруму кандайдыр бир деңгээлде туура эмес, коркунучтуу деп бааланып калат деп жана ата-энесинин ачуусун же көңүлүн калтыруудан коркот.

Бала эмне гана кылбасын - кокустан психоактивдүү зат колдонсо дагы же мектепте начар баа алса дагы, кабыл алынууга жана түшүнүүгө муктаж: "Мунун баарын кабыл алабыз. Биз сени жакшы көрөбүз". Коопсуздук, түшүнүү жана шартсыз сүйүү көп нерсени чечет. Бул депрессияны, өзүн-өзү өлтүрүүнү, зат колдонууну жана кылмыштуулукту алдын алуу.

Ал сиз менен бөлүшкүсү келбесе же корксо да, адис ар дайым купуялуулукту камсыздап, жардам берүүнү гана каалай турганын түшүндүрө аласыз. Эч кандай шартта: "Бул мага эмес, сага керек" деп айтпаш керек. "Мен сенин жыргалчылыгың үчүн, коопсуздугуң жөнүндө кам көрөм" деп айтканыңыз жакшы. Убакыт келе элек болсо, анда келе элек. Манипуляциялоого аракет кылбай, алдай, акырын аракеттерди жасай берүү керек.

- Өспүрүм сизге өз алдынча кайрыла алабы?

- Жок. Бул татаал нерсе. Ооба, кээде балдар жардам алгысы келет, бирок ата-энесинин же камкорчусунун коштоосу жок башка бирөөлөрдүн балдары менен сүйлөшүүгө мыйзам жол бербейт. Кабыл алуу кээде мындай болот: эки адам келет, баланын позициясы башка, ата-энесиники башка. Ата-эне: "Мына, ушундай, жаман" деп баласын жамандай баштайт. Аындай учурларда аларды бөлүү керек, мисалы, бала дарыгер менен сүйлөшүп жатканда, ата-эне психолог менен сүйлөшөт.

Бала менен сүйлөшкөндө биз мүмкүн болушунча ишенимдүү мамиле түзүүгө аракет кылабыз жана ата-энеден эч нерсени жашырууга укугубуз жок экенин билдиребиз. Бирок, аны кантип, кандай формада көрсөтүү керек... Мындай кыла алабыз. Балага айтабыз: "Эч нерседен коркпо, айтканыңдын баарын түшүнөбүз, баары жакшы болот, маселе жаралса чечебиз... Бул жер абсолюттук коопсуздук бар. Биз сага бул коопсуздукту кепилдейбиз". Биз ата-энелер менен абдан кылдат сүйлөшөбүз.

Дары менен дарылоо нейромедиаторлордун көлөмүн гана жогорулатат. Дары-дармектер көз карашты, ой жүгүртүүнүн түрүн же реакцияларды өзгөртпөйт. Серотониндин жогорулашынын фонунда, психотерапиядан өтүп жатканда, жаңы көз караштар, ой жүгүртүүнү өзгөрткөн жүрүм-турумдун айрым үлгүлөрү калыптанат же тескерисинче. Эң негизгиси, буга чейин болгон жана депрессияга алып келген чындыкка баа берүү, жаңы нейрон байланыштары түзүлөт. Депрессиянын биринчи эпизодун дарылоо эмне үчүн маанилүү? Анткени ал толугу менен айыкпаса, мээ ар дайым каршылык көрсөтүүнүн тебеленген жолун тандайт. Башкача айтканда, депрессиянын картинасы жаш өткөн сайын тереңдейт. Ал эми көйгөйлөрдү чечүү жолдору да ошондой кыйратуучу болот. Бул жеке майыптуулукка алып келиши мүмкүн.

- Үйдө өспүрүмгө кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам берүү үчүн шарт түзүү боюнча кандай практикалык кеңештерди бере аласыз?

- Бир абдан жакшы кеңеш бар, далилдүү жана эффективдүү. Бул үйдө бала менен баарлашууга кеткен бир саат. Мисалы, чогуу тамактануу учурунда, канчалык күлкүлүү угулбасын. Ишеним жана коопсуздук эң маанилүү нерсе. Эгерде биз инсан катары калыптануубуздун негизи боло турган терең ишенимдерге кайрылсак, мисалы, "мен эч нерсеге арзыбаганмын, мен жагымдуу эмесмин, мен пайдасызмын". Алардын бири коопсуздук жөнүндө, бири эч кимди соттобогон мамиле, экинчиси шартсыз кабыл алуу жөнүндө.

Сиз ар дайым балаңыз тигил же бул турмуштук кырдаалга, стресске же депрессияга кабылганда, ага жардам берчү бир гана чоң адам бар экенин түшүнүшүңүз керек - ал сиз. Ал эми бир чоң адам кырдаалга таасир эте алат. Биринчиден, балабыздан сиздей ой жүгүртүшүн күтпөй, кырдаалга сиздей баа бере албасын түшүнүшүңүз керек…

Анткени ал азырынча буга физиологиялык жактан жөндөмдүү эмес. Ооба, дагы бир жолу айтам, бардык балдар эмес, бирок 90%. Мээнин өнүгүшү шарттуу түрдө жашына жараша стандартташтырылган. Адам тобокелчиликке жакын экенин, үйдөн чыгып, көчөдө сейилдеп, бир нерсени сынап көргүсү келерин түшүнүү керек. Бул жаш үчүн нормалдуу көрүнүш. Балаңыз биринчи жолу сиз каалаган нерсени кылбаса же бир нерсени түшүнбөй калса, кыжырдануунун жана агрессивдүү реакция кылуунун кереги жок. Муну убактылуу көрүнүш катары гана кабыл алыңыз. Ал эми балага эмне кылбасын, аны жакшы көрүп, кабыл алаарын жеткирүү керек.

Тилекке каршы, балдардын башына түшкөн жагдайлардын 90%ы ата-энелердин айынан келип чыгат. Өздөрүнүн убагында аткарылбаган муктаждыктары менен байланышкан, алардын аткарылышын балдарынан күтүшөт. Же баладан күтүлгөн жеке күтүүлөрү менен, же өздөрүнүн психикалык өзгөчөлүктөрү менен, ата-энелердин үй-бүлө ичиндеги мамилелери менен байланыштуу. Көбүнчө, бул баланы депрессияга алып келет.

Эмне үчүн депрессияга көңүл кош карабоо маанилүү? Анткени депрессия жана тамактануунун бузулушу өлүмгө учураган эң биринчи оорулар. Депрессия менен сын азая баштайт, ата-энеңди капа кыласың деген түшүнүк жок. Ресурстар ушунчалык түгөнүп, бардык нейротрансмиттерлер ушунчалык азайып калат дейсиз, адам бир нерсе үчүн жооптуу экенин сезбей калат.

- Бала менен баарлашууну жакшыртуу үчүн дагы кандай сунуштарды берет элеңиз?

- Кайталайм: ата-эне баланын пубертаттык мезгилдеги физиологиясы тууралуу маалымат алышы керек, өздөрү түшүнүп, өз баасын өзгөртүү үчүн. "Ортодогу мамиле жакшырып, өзүмдү жакшы сезип калуу үчүн эмес, өзүңдү сезишиң үчүн аракет кылам, анткени бул менин жалгыз муктаждыгым" дегендей.

Ата-эненин биринчи өзүн түшүнүүсү маанилүү.

Мисалы, ата-эне өзүнүн агрессиясынан, кандайдыр бир эмоционалдык окуялардан, көйгөйлөрдөн улам байланыш түзө албаса, албетте, ал баласынан жооп күтө албайт. Ата-эне баласы экөө бир эле кырдаалга ар башкача баа берерин, анын жеке көйгөйү эмнеде экенин, эмне үчүн бала менен байланышы жакшырбай жатканын түшүнүшү керек.

Биз ар дайым ата-энеге да, балага да бир убакта психотерапиядан өтүүгө кеңеш беребиз.

Анткени, бала борбордо убакыт өткөрдү дейли, жардам алып, үй-бүлөсүнө кайтып барды, ал жакта болсо мурдагыдай эле жүрүм-турум үлгүлөрү (стереотиптик жүрүм-турум үлгүсү) - кайра ар бир туура эмес айтылган сөзү, жыйналбаган нерселери үчүн уруш угат. Бирок ата-энелер эмнеге андай кылып жатканын да түшүнүшүбүз керек? Алган тарбияларынан. Биз баарыбыз өзүбүздүн ата-энебиздин жүрүм-турум үлгүлөрүн, салыштырмалуу түрдө башкача айтканда, кайталайбыз, анткени бизге жакыныраак жана түшүнүктүү болгон нерсе бизге натыйжалуу көрүнөт. Бул мен үчүн иштеген, бала үчүн дагы иштейт. Бирок, бул таптакыр туура эмес.

Сиз балаңыздан эмнени каалап жатканыңызды, эмне үчүн ал керек экенин түшүнүшүңүз керек. Анткени, сиздин жеке ниетиңиз таптакыр башка жактан жаткан болуп калат.

- Үйдө, балким, бала менен ата-эненин ортосунда стрессти азайтуу боюнча кеңеш бере аласызбы? Балким, бул кандайдыр бир медитация, медитациялык практика, балким физикалык көнүгүү, балким, кандайдыр бир хоббинин түрүн баштоо керектир...

- Физикалык активдүүлүк – бул сонун вариант, анткени ал дофаминдин деңгээлин жогорулатат жана кортизолдун деңгээлин төмөндөтөт (стресс гормону деп аталган). Эгер сизде ар дайым спорт менен машыгууга, балаңызды дагы мээсине травма келтирбеген спорттун түрүнө жиберүүгө мүмкүнчүлүк болсо, анда жакшы болот.

Стресстен ушул жерде жана заматта арылуу жөнүндө сөз болсо, анда тынчсызданууга каршы ыкмалары бар. Эгерде адам катуу тынчсыздануу абалында болсо, анда "квадраттык дем алуу" же "объекттерди эсептөө" ыкмаларын колдонуңуз. Сүйлөшүү керек, анткени сүйлөшүү кырдаалды жана көйгөйдү түшүнүүгө жардам берет. Ал эми сүйлөшүү үчүн алгач өзүңүздү жакшы билишиңиз керек.

Бош убакытты чогуу өткөрүү, кандай гана болбосун, эң сонун алдын алуу чарасы болуп саналат. Жөн гана физикалык жактан жакын болуу. Ошол эле учурда балаңызга баа бербегенге аракет кылыңыз: сен эмне кылып жатасың, жаман кылып кестиң, бычакты туура эмес кармадың, абдан жамансың, тентексиң ж.б. Адатта, ата-энелер жашоо үчүн негизги муктаждыктарды камсыз кылуу менен алек. Бала өзү менен алек, ал эми энелер жана аталар анын социалдык ийгилигине, окуудагы көрсөткүчүнө жана сырткы көрүнүшүнө гана көз салышат. Бул жетиштүү деп ойлошот. Бирок эң негизгиси эмоционалдык абал.

Ар бир адам үчүн стресс менен күрөшүүнүн жолдору биринчи кезекте физиологиялык муктаждыктар болуп саналат. Бул негиз болуп саналат. Уйку жана тамактануу начар болсо, стресске туруштук бере албайсың.

Бул арт-терапия, музыка терапиясы болушу мүмкүн. Мунун баары адамдын мүнөзүнө жараша болот. Кээ бирөөлөр үчүн активдүү нерсе ылайыктуу болушу мүмкүн, башкалары үчүн, тескерисинче, медитация. Эгер медитация жөнүндө айтсак, анда алардын негизги мааниси - дем алуу. Сиз билесиз да, паника болгон учурда адамдар баштык алып дем алышат, бул нерв системасын тынчтандырат. Ошондуктан, дем алуу ыкмалары сунушталат.

- Ата-энелерге кандай маалыматтык ресурстарды сунуштайт элеңиз?

- Эми маалыматты бардык жерден тапса болот: социалдык тармактарда, интернетте тиешелүү адабияттар бар. Бир гана нерсе бар, сиз ар дайым алар далилдүү же жокпу текшерип турушуңуз керек. Сөздү текшербестен кабыл алуу, баарын чындык катары көрүү, тилекке каршы, азыркы дүйнөдө коопсуз эмес. Сизге такыр тескери натыйжа бере тургандай кеңеш бере турган көптөгөн адамдар бар.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (45 статей)
Баладагы агрессиянын себептери жана маселени чечүү жолдору
13 Июль 2024, 13:36
Канткенде ата-эне өспүрүмдөрдүн өз жанын кыюусун алдын ала алат
8 Июль 2024, 12:14
Каржылык сабаттуулук. Ата-энелер өспүрүмдөргө эмнени үйрөтүшү керек
3 Июль 2024, 16:09
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16560