Чуңкурчакта бийиктиктен аркан менен секирген адам аянычтуу каза болду
RU

Чуңкурчакта бийиктиктен аркан менен секирген адам аянычтуу каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чуңкурчак капчыгайында аркан менен секирүү учурунда орто жаштагы киши кулап түштү. Окуяга күбө болгондордун айтымында, алар жабырлануучуга жардам берүүгө аракет кылышкан, бирок натыйжасыз болгон.

Маалым болгондой, окуя 6-июлда катталды. Чуңкурчактагы эс алуучуларды коштоп жүргөн гиддердин бири Kaktus.media редакциясына маркум 25 метр бийиктиктен кулап түшкөнүн билдирди.

"Окуя болгон жерге дарыгерлер келишти, бирок жабырлануучуга жардам бере алышкан эмес", - деди гид.

Гиддин айтымында, бардык тростор үзүлүп кеткен - алар эскирген болушу мүмкүн.

Алдын ала маалыматтар боюнча, маркум эс алууга үч баласы менен барган.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы окуяны тастыктады. Учурда маркумдун аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатканы маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16562