Берлинде Түркия менен Нидерланддын футболчуларынын күйөрмандары беттештен кийин мушташты
RU

Берлинде Түркия менен Нидерланддын футболчуларынын күйөрмандары беттештен кийин мушташты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Берлинде Түркия менен Нидерланддын футбол командаларынын күйөрмандары беттештен кийин мушташа кетишти. Бул тууралуу социалдык тармактарда маалымдалды.

"Оюндун акырында түркиялык жана голландиялык күйөрмандар бири-бири менен мушташышты", - деп жазат түркиялык Tele1 телеканалы X социалдык тармагында.

Жабыркагандар бар же жок экендиги азырынча айтыла элек.

Эске сала кетсек, Нидерланддын курама командасы 2004-жылдан бери биринчи жолу Европа чемпионатынын 1/8 бөлүгүнө чыккан түрк оюнчуларын жеңип жарым финалга чыкты. Беттеш 2:1 эсеби менен аяктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16575