Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутаты кармалды
RU

Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутаты кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан шаардык кеңешке депутаты кармалды. Коопсуздук комитетинин маалыматында деуптат массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган деп шектелүүдө.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кербен шаардык кеңешинин ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы) депутаты Н.Ж.К. кармалды.

"Ал Facebook социалдык тармагынын активдүү колдонуучусу катары мезгил-мезгили менен тенденциялуу жана чагымчыл материалдарды, анын ичинде массалык баш аламандыктарды уюштурууга жана андан соң бийликти күч менен кулатууга/басып алууга чакырыктарды жарыялаган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16580