Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды
RU

Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Талас облусунда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар аңчылык жерлер мамлекетке кайтарылганын билдирди.

Белгилүү болгондой, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана маркум К.Асанбектин жашырылган мүлкүн аныктоого багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө "Натур Энержи" ЖЧКсынын директору А.у.А. К.Асанбектин жакын адамы - Р.Т.К. менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталды.

"Аталган компанияга Талас облусунун Айтматов жана Талас райондорунда жайгашкан аңчылык жерлери таандык болуп, алардын жалпы аянты 423 миң 966 гектарды түзөт. Ал эми Талас облусунун жалпы аянты 1 млн 140 миң гектарды түзсө, облустун 1/3 бөлүгүн аңчылык жерлери ээлейт", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган аңчылык чарбалар КР Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Талас аймактык башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди жана биоресурстар 4 млн. 465 миң 550 сомго бааланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16621