Оштогу сел: 300дөн ашык үйгө суу кирип, 16 унаа зыянга учурады
RU

Оштогу сел: 300дөн ашык үйгө суу кирип, 16 унаа зыянга учурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарында катталган селдин кесепеттерин жоюу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында шаар аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында ӨКМдан маалымдашты.

Селдин кесепетинен жалпысынан 342 үйгө сел суулары кирип, 16 унаа зыянга учурап, 25 гектар жер аянтын сел жууп кетти. Алар:

  • Кыргыз-Чек айылында 95 үйгө сел кирип, 10 унаа жеңил жабыркады, 15 үй-бүлө туугандарына көчүрүлдү. 1 мектеп жана 1 ооруканага сел суулары кирген. Тазалоо иштерине Жарандык коргонуу кызматы тарабынан 70тен ашык адам, 2 оор техника тартылды.
  • Асан-Чек айылында 82 үйдү сел каптап, 1 үй авариялык абалга келсе, 2 үйдүн сарайы кулады. 1 мектеп жана 1 музейге сел суулары кирди. Жарандык коргонуу кызматы тарабынан 60 адам тазалоо иштерине тартылды.
  • Достук айылында 85 үйгө суу кирип, 2 унаа жеңил жабыркады, 1 үйдүн ашканасынын дубалы көчүп түштү, 10 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирди. Жерине 2 оор техника, 60тан ашык жумушчу тартылды.
  • Майды айылында 60 үйгө сел кирип, 2 оор техника жана 2 унаа жабыркады, 5 га айдоо аянтын сел суулары алып кетти. Тазалоо иштерине 40тан ашык адам тартылды.
  • Социализм айылында 15 үйгө сел кирди. Жарандык коргонуу кызматы тарабынан 30дан ашык адам тартылды.
  • Датка айыл аймагындагы Фуркат айылында 5 үйдүн короосуна, 1 ооруканага, 1 бала бакчага, 1 мектепке сел суулары кирди.
  • Маданият айылында 20 га айдоо аянты, 1 көпүрө жабыркады. Жерине 1 эксковатор тартылды.

Ветеринардык кызматынын маалыматы боюнча жалпы 10 кой өлгөн:

  • Торгой булак айылынан 5 кой.
  • Достук айылынан 1 кой.
  • Кыргыз-Чек айылында 4 кой.

Бүгүн, 15-июлда селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылууда.

Белгилесек, 14-июлда саат 14:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, базарларды каптаган. "Мөл-Булак" эс борборунан 4 жаранды агызып, кечке жуук 7 жаштагы кыздын сөөгү табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16646