Бишкекте милиция кызматкерлери 20 миң сом менен кармалды
RU

Бишкекте милиция кызматкерлери 20 миң сом менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери пара талап кылганга шектелип кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, алар уурулук фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин оң жакка чечип берүү үчүн акча талап кылышкан.

УКМК тактагандай, Ленин РИИБдин аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Б.А. жана милициянын капитаны М.Б.Б. уюлдук телефонду уурдоо фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында маселени оң чечип берүү үчүн шектүүдөн 160 миң сом талап кылышкан.

"11-июлда ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы милиция кызматкерлери талап кылынган акчанын бир бөлүгүн - 20 миң сом алып жаткан жеринен кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган милициялар убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо, ошондой эле башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16663