Оштогу сел. Өзбекстан 200 тонна гумжардам жеткирди
RU

Оштогу сел. Өзбекстан 200 тонна гумжардам жеткирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто селден жабыркаган тургундарга Өзбекстандын Андижан облусунан гуманитардык жардам келди. Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, гумжардамдын көлөмү 200 тоннаны түзөт.

Гумантирдык жардамды Андижан облусунун губернатору Шоятбек Абдрахманов баштаган топ жеткирип, аны "Достук" чек ара бекетинен Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Өзбекстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алышты.

200 тоннаны түзгөн жүктөр 13 унаа менен жеткирилди. Жардам иретинде курулуш материалдары, кийим-кечелер, гигиеналык каражаттар жана азык-түлүктөрдөн келди.

Шоятбек Абдурахманов "Манас-Ата" муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Жаңы-Маала көчөсүнүн тургундарына барып, селден жабыркаган 17 үйдү көрүп чыкты.

Белгилесек, 14-июлда сел суулары 5 адамды агызып, ошол эле күнү кечинде 6 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Кырсыктан 9 адам жабыркап облустук ооруканага кайрылышкан.

15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан 44 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Кийинчерек, Өзбекстандан 19 жана 10 жаштагы кыздардын жансыз денеси табылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16669