Ысык-Көлдөгү автокырсык. Дагы эки бала каза болду
RU

Ысык-Көлдөгү автокырсык. Дагы эки бала каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Өрнөк айылында катталган жол кырсыкта жабыркаган эки бала да каза болду. Дагы 17 жаштагы өспүрүм палатага которулуп, 14 жаштагы кыз оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы маалымдалды.

Белгилесек, автокырсык 17-июлда болжол менен саат 18:15 чамасында Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунда (Өрнөк айылы) катталган. Анда Toyota Avensis менен Mercedes-Benz W210 унаалары сүзүшкөн.

Кырсыктан Кыргызстандын БУУдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аида Касымалиеванын ата-энеси - Toyota Avensis унаасынын 68 жаштагы айдоочусу, анын жубайы 68 жаштагы М.Б. жана алардын 9 жаштагы небереси М.К. жеринде көз жумган. Каза болгон бала Касымалиеванын агасы Мыктыбек Касымалиевдин уулу.

Жалпысынан унаада беш бала жана чоң ата, чоң энеси болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16699