"Үйлөрдөн жарака кетип жатат". Бишкектиктер жаңы жол башка көйгөй жаратканын айтышууда
RU

"Үйлөрдөн жарака кетип жатат". Бишкектиктер жаңы жол башка көйгөй жаратканын айтышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги тыгындарды жоюу үчүн мэрия кошумча жол куруу аракетин көрүп жатат. Алардын бири Сүйүнбаев көчөсүнөн Медеровго чейин салына турган жол. Бул жаңы салынып жаткан жолдун боюнда жашаган жергиликтүү жашоочулар оор техникалар жолду түздөп, таптаганда үйлөрдөн жарака кетип жатканын Kaktus.kg редакциясына айтып беришти.

Жаңы салынып жаткан жолдун боюнда жашагандардын бири Оморбек Жамакеев. Ал 1976-жылдан бери ушул жерде жашайт. Оморбек мырза жолду жаздан бери салып жатышканын айтып, мэрия эски долбоор менен салып жатат дейт.

"Тиешелүү адистер келишти да ушул жерде жол болот деп коюшту. Бул жер убагында абдан каралган, бак-дарактар тигилген жер болчу. Медеров көчөсү жаңылангандан кийин бул жакка жылуулук системасын тартуу үчүн түтүктөрдү орнотушкан.

Мен жашоочулар менен биргеликте долбоорду көрсөтүүнү сурандым. Алар мени жолдун долбоору менен тааныштырышып, жаңы жол Сүйүнбаев көчөсүнөн Медеровго чейин болот дешти. Бул 7-апрель көчөсүнөн Алма-Ата көчөсүнө чейинки жолдогу унаа тыгынын азайтуу үчүн альтернатива жол болот экен", - деди ал.

Оморбек Жамакеевдин айтымында, мындан төрт жыл мурун калаа башчылыгы Сүйүнбаев көчөсүн темир жолго чейин узарткан. Кийин Кытайдан келген кайтарымсыз грант түгөнгөндөн кийин, аягына чыкпай таштап салышты дейт ал.

Жергиликтүү тургун үйүнүн жанына салынып жаткан жаңы жолдун долбоору 2019-жылы жазылганын айтып, азыркы талапка жооп бербейт деп эсептейт.

"Бул долбоор эски. Кандай гана долбоор болбосун, ал бардык кызыктар тараптар менен бирдей макулдашылыш керек да. Алдын ала тактап анан мөөр менен аякташы керек. Азыр булар бардыгын талкалай башташты, бактардын баарын кыйышты. Анан соңунда "Бул жерде газ түтүгү, канализация бар деп жатышат, ал каякта?" деп сурашат. Көрсөтүп берсем, "аа" деп туруп калышты", - дейт ал.

Бул жолдун долбоору боюнча туурасы 16 метр болуп, анда төрт тилке каралган. Анда велосипед үчүн жол, газон жана жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар да болушу керек. Аталган жолдун долбоору менен жергиликтүүлөрдү жол салып жаткан подрядчылар тааныштыргандан кийин ӨКМ өз шарттарын айтып башташты дейт жашоочу.

"Жол куруучулар барын эсептеп бүткөндөн кийин ӨКМ өз талаптарын коё баштады. Себеби, суунун боюна белгилүү аралыкка чейин эч нерсе салганга болбойт. Ал жакка канча бир метрге чейин эч ким жакындабашы керек. Бул коопсуздук үчүн", - деди ал.

"Техникалар иштегенде жер титирегендей болот"

Оморбек Жамакеев бул жолду салып жаткандар 40 тонналаган оор техникалары менен иштеп, ал жол үйгө абдан жакын болуп жаткандыктан үйлөрдөн жаракалар кетип жатат деп арызданууда. Ал эскалатор менен бульдозер иштегенде 5 баллга жеткен жер титирөөдөй болуп жатат дейт.

"Жер титирөө канча бир секунд эле болот да. А бул жакта техника өз жумушун кылып бүткүчө эртеден кечке титиреп жатпайбы?! Бардыгынан жарака узунунан эмес, тигинен кеткени эң кооптуу экен.

Азыр менин үйүмдө неберем бар. Ал 5-классты бүттү. Ошол кыз коркуп жатат. Мына, эки күн иштебей калышты эле жыргап ойноп жүрөт", - деди жашоочу.

Учурда жолду салуунун биринчи баскычы гана жүрүп жатат. Мындан тышкары дагы 5 баскычы бар. Оморбек Жамакеев бул 6 баскычты тең жасап бүткөнчө үйлөрүбүз урап калат го деп кооптонууда.

"Силер алты катты бүткүчө үйлөрүбүздүн фундаменти эле калат го деп айтсам, жол салып жаткандар "жок" деп күлүп коюшат. Алар "Биз өз ишибизди аягына чыгарышыбыз керек да" деп, колду чөнтөккө салып кетип калышат", - деди ата.

Оморбек Жамакеев бул жолдун салынышына каршы эмес. Ал долбоордун эскилигине, бардык талапка туура келбегенине жана жол салуудагы талаптар сакталбай жатканына нааразы. Анын айтымында, эгер жол таптап жаткан техника күчүн азайтып, бирок бир канча жолу таптаса, жол да бекем болуп, үйлөрдөн да жарака кетпейт болчу.

Kaktus.kg редакциясы бул маселе боюнча комментарий үчүн мэрияга кайрылды. Калаа башчылыгынын маалымат кымзатынын өкүлү тиешелүү адистер жооп бере элек деп билдирди. Редакция экинчи тараптын оюн угууга даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16700