Ozon'дун буйрутмаларды берүү пункттары: маркетплейс ишкерлерге кантип жардам берүүдө
RU

Ozon'дун буйрутмаларды берүү пункттары: маркетплейс ишкерлерге кантип жардам берүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өз бизнесиңизди баштоо – кыйла көп жоопкерчиликти талап кылган, кандайдыр бир тобокелдиктерди камтыган олуттуу кадам. Дал ошондуктан көптөгөн ишкерлер ири бренддер менен өнөктөштүктө өнүгүүнү туура көрүшөт. Салттуу франшизалар ар кандай багыттар боюнча жакшы эле колдоо көрсөтүшөт, бирок башында бир жолку жалпы төлөм менен чектелип калышат. Ozon эл аралык маркетплейси башка жолго түшүп, өнөктөштөргө "тескери франшизаны" сунуштайт.

Ozon – КМШдагы ири эл аралык маркетплейстердин бири. Анын аудиториясы 51,1 миллион жигердүү сатып алуучуну түзөт, мында 10 кардардын 8и товарларды Ozon"дун буйрутмаларды берүү пункттарынан алып кетүүнү туура көрөт. Компания жергиликтүү ишкерлер менен өнөктөштүктө бардык өлкөлөрдө пункттардын тармагын жигердүү өнүктүрүп жатат жана алардын ийгиликтүү иштеп кетишине абдан кызыкдар. Ошондуктан, жаңы пункт ишин баштаганда Ozon эч кандай салымды талап кылбайт, атүгүл алгачкы жарым жылда өнөктөштөргө 540 000 сомго чейин кепилденген финансылык колдоо көрсөтөт. Мындай колдоо пунктка өзүн актап, киреше таба баштоого жардам берет.

Ozon'дун буйрутмаларды берүү пунктун кантип ачса болот?

Ар бир кызыкдар адам оңой эле маркетплейстин өнөктөшү боло алат, бул үчүн көп акча талап кылынбайт. Эң башкысы – жеке ишкер же юридикалык жак статусуңуз бар болушу керек. Болгону төрт кадам талап кылынат.

  • Сайтта өтүнмөнү толтуруп чыгыңыз.
  • Локацияны тандап алып, ылайыктуу жайды табыңыз.
  • Агенттик же ижара келишимдерине кол коюңуз (эгерде бул зарыл болсо).
  • Жеңил ремонт жасап, кызматкерлерди жалдаңыз.

Бул иштердин баарына эки жумадан ашпаган убакыт кетет, ушундан кийин пунктту ачып, акча таба бересиз. Бул убакыт аралыгында өнөктөштү аймактык менеджер колдоп турат, ал ремонт жасоодон эмеректи издөөгө чейин баарын түшүндүрүп, атайын тиркеме кантип иштей турганын көрсөтүп берет. Бирок, муну менен эле Ozon"дун жардамы бүтүп калбайт.

Бардык чоо-жайы алдын ала белгилүү

Ozon башынан эле болочоктогу өнөктөштөргө маалыматтык колдоо көрсөтөт. Пунктту ачуу жөнүндө чечим кабыл алаардын алдында ишкер бардык чоо-жайын түшүнүп алат – маалыматтар жалпыга жеткиликтүү. Ишти баштаардан мурда атайын интерактивдүү карта менен таанышып алышыңыз керек. Бул картада ушул тапта атаандаштык эң аз болгон, пунктту ачуу үчүн эң ылайыктуу жерлер көрсөтүлгөн. Ошондой эле картада кепилденген финансылык колдоонун максималдуу суммасын караштырган жерлер да көрүнүп турат.

Андан соң брендбукту окуп чыгыш керек, ал жерде бөлмөнү тандап алуудан баштап, пунктта эмеректерди туура жайгаштырууга чейин бардык маалыматтар берилген. Пункттун ийгиликтүү иштеши үчүн локацияны тандоого олуттуу мамиле жасаш керектигин эстен чыгарбаңыз. Пунктту ири турак жай кварталдарында, кичи райондордо же шаардын борборунда ачкан туура болот. Пункт көзгө дароо илингендей болууга тийиш – эң жакшысы, ири дүкөндөрдүн, билим берүү мекемелеринин, эл көп жүргөн административдик же соода-көңүл ачуу борборлорунун, ошондой эле автоунаа токтоочу жайлардын жанында орун алганы туура.

Ремонт жана пландоо иштерине токтоло турган болсок, брендинг боюнча колдонмодо ар кандай варианттарды табасыз. Бөлмөнүн минималдуу аянты 25 чарчы метрди түзүшү керек. Бул жерде өзүнчө кампа болуп, анда буйрутмаларды сактоо үчүн кеминде беш текче турушу керек, бул текчелердин бирин артка кайтарылган товарлар үчүн бөлүп коюу зарыл. Ошондой эле сатуучулардан товарлар, кызматкерлердин кийимдери жана жеке буюмдары, чарбалык шаймандар үчүн орун бөлүш керек. Мындан тышкары сөзсүз түрдө кардарлар үчүн зона керек, ал жерде кызматкер үчүн орун, буйрутмаларды текшерүү столу жана товарларды ченеп көрүү үчүн бөлмө болот.

Картадан жана брендбуктан тышкары Ozon"дун маалымдамасы бар, анда ишкерлер үчүн жаңы макалалар жарыяланып турат. Бул жерде бардык суроолорго жооп таба аласыз жана сизге кирешени кантип көбөйтүү керектиги кеңири түшүндүрүлөт.

Колдоонун ар кандай түрү болот

Бардык маалыматтар менен таанышып чыккан соң жайды тандап алып, пункттун ачылышына даярдана баштайсыз. Бул этапта да маркетплейс өнөктөштөргө мүмкүн болушунча көбүрөөк жардам берет. Ozon көрнөктү, тушкагаздан баштап, такталарга жана плакаттарга чейин бардык бренддик материалдарды акысыз берет. Ошону менен катар кызматкерлерди да издей башташ керек, аларды окутууга да компания жардамчы болот.

Пункт ачылгандан кийин аны таанытуу боюнча негизги ишти Ozon өз мойнуна алат. Маркетплейс өз колдонуучуларын жаңы пункт ачылганы тууралуу кабардар кылып, пунктту бардык карталарга түшүрүп чыгат. Компания пунктту жигердүү жарнамалап, буйрутмаларын өздөрү үчүн ыңгайлуу жерден алып кетиши үчүн жаңы кардарларды тартат. Ошентип, ишкер башынан эле сервистин жогорку деңгээлин сактоого тийиш. Андан кийин өнөктөш пунктка кардарларды тартуу менен өзү да жарнама бере алат.

Ozon ошондой эле иштин бардык процесстерин уюштурууга жардам берет. Компания кампада товарлардын жайгашуусун көзөмөлдөө үчүн ыңгайлуу тиркемени сунуштайт, ошондой эле бардык финансылык отчеттуулукту жеке кабинетте түзүү мүмкүнчүлүгүн берет.

Кирешелер жана чыгашалар жөнүндө азыноолак кеп

Ozon"дун буйрутмаларды берүү пунктунун ээсинде бир нече киреше булагы болот. Негизги булак – сатып алуучуларга жөнөтмөлөрдү тапшыруу жана кайтарылган товарларды кабыл алуу. Наркы 5 085 сомго чейинки ар бир берилген товар үчүн ишкер 3,7% алат, бул суммадан жогору болгондо 188 сомдон айланат, ар бир кайтарылган товар үчүн 15 сом белгиленген.

Кирешени көбөйтүүнүн эки жолу бар. Биринчиден, пункт товарларды кабыл алып, аларды кампаларга жөнөтүп, сатуучулар жана башка логистикалык компаниялар менен кызматташа алат. Эгерде бөлмөдө бош орун болсо, кошумча бизнес ачууга болот, мисалы вендинг автоматын орнотуп койсоңуз болот.

Пункттун ээсинин туруктуу чыгымдарынын негизги беренелери – ижара акысы, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөр, кызматкерлердин эмгек акысы жана салыктар.

Пункттун ээсинин кирешеси жүгүртүүгө тикелей байланыштуу болгондуктан, күз – ушул бизнести баштоо үчүн ойдогудай убакыт. Ноябрь айында Ozon"до салттуу түрдө 11.11 жана "Берешен жума" өңдүү ири сатып-түгөтүү акциялары өтүп келет. Ал эми декабрда жаңы жылдык белектердин, декордун жана кезектеги сатып-түгөтүү акцияларынын мезгили башталат. Дал ушул маалда сатып алуучулар өзгөчө жигердүү болушат, демек, пункттар аркылуу буйрутмалардын чоң агымы өтүп, ал тез эле өзүн актап, жакшы киреше табууга шарт түзүлөт. Толук маалымат алып, өзүңүздүн ийгиликтүү бизнесиңизге биринчи кадамды жасоо үчүн Ozon"дун сайтына кириңиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/17790