Тазабек Икрамов депутаттык мандатын тапшырды
RU

Тазабек Икрамов депутаттык мандатын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Анын арызы кабыл алынып, Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каралып чыкты. Мындай маалыматты Kaktus.media сайтына БШКдан тастыкташты.

Тазабек Икрамов 2021-жылы №13 Сузак бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.

Эми аталган округ боюнча шайлоо Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан дайындалгандан кийин өткөрүлөр күтүлүүдө.

Белгилесек, 17-июлда Икрамов УКМКга суракка чакыртылганы маалым болгон. Бирок расмий органдар да, эл өкүлү өзү да бул боюнча маалымат беришкен эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16703