Жалал-Абадда коопсуздук эрежеси күчөтүлүп, 10го жакын күркө жабылды
RU

Жалал-Абадда коопсуздук эрежеси күчөтүлүп, 10го жакын күркө жабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад шаарында соода күркөлөрүндөгү коопсуздук эрежелери текшерилүүдө. Анын алкагында бир катар жайлар жабылганын Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлады.

Мэриянын тиешелүү адистеринен турган комиссия шаардагы коопсуздук эрежелери сакталбай, көмүр кычкыл газын жана газ баллондорду иштеткен күркөлөрдү, тез татым жайларын текшеришти. Буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай талаптарды аткарбаган соода жайлардагы кооптуулук жараткан газ баллондор алынып, газдалган суу, тез татым саткан жана гриль бышырган 10го жакын күркө жабылды.

Алдыда мындай текшерүүлөр дагы да улантылат дешет мэриядан.

Белгилесек, 13-июлда Жалал-Абад шаарында газдалган суу сатуучу күркөдө газ баллон жарылып, анын кесепетинен 17 жаштагы сатуучу каза болуп, бир нече адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алган.

Бул фактынын негизинде мэриянын алдындагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директору жана инспектору, ошондой эле павильондун ээси кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16705