Ленин чокусунда россиялык альпинист каза тапты
RU

Ленин чокусунда россиялык альпинист каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ленин чокусуна чыккан россиялык альпинист каза тапты. Бул тууралуу бир катар орус басылмалары жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, кырсык 18-июлда альпинисттер бир лагерден экинчисине өтүп баратканда болгон. 58 жаштагы Евгений Банников кар көчкүнүн алдында калып көз жумган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каза болгон альпинист тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдирди.

Белгилесек, Ленин чокусу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Памир-Алай тоо кыркасында жайгашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16706