Ташиев Ош-Ноокат жолун октябрда бүтүрүүнү тапшырды
RU

Ташиев Ош-Ноокат жолун октябрда бүтүрүүнү тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин тапшырмасы менен Ноокат районуна барды. Ал селдин кесепетинен бузулган көпүрө, жолдорду тез арада оңдоо жана жаңылоо боюнча тапшырмаларды берип, жергиликтүүлөр менен жолугушканын "Регион" телеканалынын директору Өткүрбек Рахманов билдирди.

УКМК башчысы Ош-Ноокат-Раззаков жолундагы бүгүнкү абал менен таанышып, аталган жолдогу куруу иштери жай жүрүп жатканын белгиледи. Ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин Ноокаттагы 19,5 чакырым жолду жана көпүрө маселеси толугу менен чечилип бүтүшү керектигин тийиштүү жетекчилерге милдеттендирди.

"Камчыбек Ташиев жол курулушунун сапатын өз көзөмөлүнө аларын айтып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, жетекчилерге таза иштөөнү, коюлган милдеттеди так аткаруу тапшырды. Мамлекеттин акчасын сарамжалдуу пайдаланып, сапаттуу жумуш аткарылбаса катаал чаралар көрүлөрүн эскертти", - деп жазды Рахманов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16726