Ош шаарында жыл аягына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды
RU

Ош шаарында жыл аягына чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто шаардын борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу укук коргоочу Гүлгакы Мамасалиева социалдык тармактарга билдирди.

Ош шаардык соту бул маалыматты редакцияга тастыктады. Маалым болгондой, соттун чечими менен 27-июндан 31-декабрга чейин мэриянын жанында жана борбордук аянтта митингдерди, ар кандай массалык акцияларды өткөрүүгө тыюу салынды.

Массалык чогулуштарды Ататүрк атындагы паркта гана өткөрүүгө болот.

Белгилей кетсек, ушундай эле чектөө Бишкекте да бар.

Эске салсак, Ош шаарында борбордук базардын башка жакка көчүрүлүшүнө нааразы болгон соодагерлер эки күндөн бери чогулуп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16739