Ош шаарынын мурдагы вице-мэри СИЗОго киргизилди
RU

Ош шаарынын мурдагы вице-мэри СИЗОго киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын мурдагы вице-мэри Жасур Азимов СИЗОго киргизилди. Бул тууралуу Kaktus редакциясына Ош шаардык сотунан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 20-июлда УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча тергөөчүсү Ош шаарынын мурдагы вице-мэри А.Ж.М`ны (Азимов Жасур Махмудович) "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануудан улам шалаакылыктын кесепетинен оор залал келтирүү" беренеси боюнча камакка алуу өтүнүчүн келтирген.

Сот Азимовду 2024-жылдын 18-сентябрына чейин СИЗОго камакка алуу бөгөт чарасын тандаган.

Эске салсак, 2021-жылы вице-мэр Жасур Азимовдун 2020-жылдын 4-сентябрындагы жарлыгы менен Жапалак айыл аймагында жайгашкан 25 гектар жер тилкеси 2 миллион 500 миң сомго сатылган. 2020-жылдын октябрь айында "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Оштогу филиалы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик күбөлүк берилген.

Ош прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө аталган жайдын базар баасы 72 миллион сомго бааланган, башкача айтканда, объекттин баасы 69,5 миллион сомго кем баалангандыгы аныкталган. Буга чейин кылмыш ишин иликтөөнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жүргүзүп, кызмат жоюлгандан кийин кылмыш ишинин материалдары Ош шаардык ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16754