Президент менен биринчи айым Парижге барды. Сүрөттөр
RU

Президент менен биринчи айым Парижге барды. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 25-июлда XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышуу үчүн Парижге барды. Өлкө башчы менен кошо Айгүл Жапарова да барды.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Садыр Жапаровдун борту "Ле Бурже" эл аралык аэропортуна конду.

Сапардын алкагында президенттин "Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге" аталышындагы Париж саммитине катышуусу да пландалган.

Белгилесек, Олимпиада оюндарына Кыргызстандан 16 спортчу спорттун беш түрү: күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча күч сынашат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16772