Мэрия Бишкектеги мектептерде сабактар канчада башталарын айтты
RU

Мэрия Бишкектеги мектептерде сабактар канчада башталарын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкектеги мектептерде сабактар 8:00гө чейин башталары маалымдалган. Бишкек шаардык мэриясы кабыл алынган токтомдун алкагында сабактар канчада башталарын жана канча мектепте окутуу жаңы убакыт менен башталарын билдирди.

Маалымдалгандай, Бишкектеги 14 муниципалдык мектепте окуу 3 нөөмөт менен жүргүзүлөт, дагы 14 мектепте окуу саат 7:30да башталат.

Жаңы 2024-2025-окуу жылында дагы 30 мектепте саат 7:30дан баштап окутуу пландалууда.

"Иштеп жаткан муниципалдык мектептердин 42% же 44% эртең мененки саат 7:30дан баштап окууга өткөрүлөт.

Мындан тышкары жол-транспорт инфраструктурасындагы тыгындарды жоюу максатында Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге унааларды мектептердин жанынан токтотууга тыюу салынарын эскертет.

Эреже бузган учурда аларды айып пул менен эвакуациялоо чаралары көрүлөт. Ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн ата-энелерден балдарынын жакын жердеги мектептерде билим алуусун алдын ала пландаштырууну суранабыз", - дешет мэриядан.

Белгилесек, буга чейин мектептердеги сабактарды эрте баштоо мэриянын кароосуна сунушталган. Муниципалитет сабактын эрте башталышы жол тыгынын азайтат деп эсептейт.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16775