Бишкектеги паркта окуучу кыз зордукталган. Шектүү кармалды
RU

Бишкектеги паркта окуучу кыз зордукталган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Ататүрк паркында 9-класстын окуучусу зордукталган. Өспүрүмгө карата сексуалдык аракет жасаганга шектүү кармалганын Октябрь РИИБден кабарлашты.

Маалым болгондой, 20-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБине С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү Ахунбаев көчөсүндөгү сейил бактардын биринде А. аттуу жаран 2009-жылы туулган С.Гны зордуктаганы айтылган.

Бул факты боюнча 157-берене (Он алты жашка чейинки балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттеи") менен кылмыш иши козголуп, бардык зарыл экспертизалар дайындалган.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын жөө күзөттөгү кызматкерлери тарабынан 1999-жылы туулган М.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту айыпталуучуга карата СИЗО-1ге камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16796