Ошто мыйзамсыз өндүрүлгөн 2 тоннадан ашык спирт ичимдиктери алынды
RU

Ошто мыйзамсыз өндүрүлгөн 2 тоннадан ашык спирт ичимдиктери алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында мыйзамсыз даярдалган спирт ичимдиктери сатылып жатканы такталды. ИИМден билдиришкендей, Ош шаарынун тургуну шериктери менен Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик жол менен алынып келген спирт продукциясын жеке турак үйдө сактап, бөтөлкөлөргө куюп, жасалма спирт ичимдиктерин даярдаганга шектелди.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси (спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Ош шааарынын Жапалак айыл аймагында жайгашкан турак үйдүн жер төлөсүнөн 5 литрдик желим бөтөлкөлөргө куюлган 1950 литр спирт алынган.

Мындан сырткары Кара-Суу районуна караштуу Манас айыл аймагындагы үйдүн унаа токтотуучу жайынан 590 литр спирт ичимдиктери алынган.

Алынган спирт жана спирт ичимдиктери Ош шаарынын тургунуна таандык экендиги такталды. Учурда бардык жагдайды тактоо боюнча ыкчам иштер улантылууда, соттук экспертиза дайындалып тергөө иштери жүргүзүлүүдө дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://uyat.kaktus.media/16805